13
Февраль
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «акылдуу эсептегичтердин» айланасындагы маселе боюнча сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда, электр энергиясынын коммерциялык эсебин функционалдык автоматташтырылган маалыматтык-эсептөө системасы– «акылдуу эсептегичтер» боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Өкмөт башчысы акыркы кезде «акылдуу эсептегичтердин» иштеши боюнча жарандар тарабынан көп даттануулар айтылып жатканын эскертти.
«Биз тараптан бардык обонеттер менен тиешелүү иштер өткөрүлүп, колдонулган электр энергиясынын так өлчөмүн билүү үчүн рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө», - деди «Улукттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев.
Ал белгилегендей, расмий түрдө обоненттерден 350 даттануу келип түшкөн, анын 331 экспертиза жүргүзүлүп, алар доом жок деп кайра жазып беришти. Калган даттануудар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен керектүү текшерүү иштери жүрүп жатат.
«Улукттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы эгерде кайра төлөп берүү болуп калса, компания обоненттердин ашыкча каражаттарын эсептеп, кайтарып берүүгө даяр экендигин билдирди.
Ал мындай абал 2016-жылдын декабрь айында жана 2017-жылдын январь айында техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыкканын кошумчалады.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай көрүнүштөрдүн кайталаныша жол бербөөнү жана азыркы абал боюнча обоненттердин «акылдуу эсептегичтер» тууралуу кайрылуусуна даректүү ыкчам жооп берүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 89914,89915,89916" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматыык камсыздоо бөлүмү