19
Май
Өкмөттө жол коопсуздугун камсыз кылуу чараларын талкуулашты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйында жолдордогу авариялык абалы жана республикадагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынып жаткан маселелер талкууланды.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча республикада 1580 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда (1684) 6,1%га аз болгон. Каза болгондордун саны да 17%га кыскарып, 167 (202) адамды түзгөн, жаракат алгандардын саны 6,5%га кыскарып, 2261 (2416) адамды түзгөн.
Комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы 149 иш-чараны ишке ашыруу каралган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча чаралар комплексин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын мамлекеттик органдардын аткаруусу боюнча маалымат угушту.
Мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлгөн Пландын алкагында 75 иш-чара ишке ашырылган, 41 иш-чара жарым-жартылай, 5 иш-чара ишке ашырылуу стадиясында, 29 иш-чара мөөнөтүнө аткарылган эмес.
Пландын аткарылбаган иш-чаралары боюнча вице-премьер-министр Жениш Разаков мамлекеттик органдардын жетекчилерине кызматтык териштирүү жүргүзүп жана күнөкөрлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартууну тапшырды.
Комиссиянын өкүлдөрү тарабынан аварияны азайтууга багытталган өлкөдөгү жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча комплекстик чараларын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планы көрсөтүлдү.
Жаңыланган план 85 пункту ишке ашыруу алкагында 113 иш-чараны камтыйт.
Пландын долбоору алкагында аварияларды азайтууга багытталган 30 нормативдик укуктук актты кабыл алуу сунушталууда. Андан тышкары План аркылуу инфраструктуралык жана башкаруу иш чараларды, ошондой эле кенен маалыматтык кампанияны ишке ашыруу каралган.
Жыйындын жыйынтыгы менен вице-премьер-министр Жениш Разаков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Комиссиянын өкүлдөрү менен биргеликте Пландын долбоорун аягына чейин иштеп чыгып, ошондой эле Жол коопсуздугу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу суроосун карап чыгууну тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү