18
Январь
Өкмөттө Кыргызстандын ЕАЭБдеги интеграциясынын келечек пландары жана милдеттери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-январда, жумушчу кеңешме өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке мындан аркы интеграциясынын келечек пландары жана милдеттери талкууланды, бул багыттагы иштин аралык жыйынтыктары чыгарылды.
«Дүйнөлүк экономикадагы жагымсыз факторлорго жана тенденцияларга карабастан, Өкмөт өлкөнү евразиялык интеграциянын жаңы шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн көп иштерди аткарды. Ага карабастан, коомчулукта маселелер жана көйгөйлөр талкууланууда, биз сын-пикирлерди эске алуу менен өлкөнүн ЕАЭБдеги катышуу шарттарын жакшыртуу боюнча ишти улантуубуз керек», - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан интеграциялык бирикмеге өлкө үчүн пайдалуу шарттарда кошулгандыгын эскертти. Өкмөт башчы белгилегендей, бардык маселелер евразиялык интеграция боюнча келишимдерде көрсөтүлгөн мөөнөттөр жана шарттар боюнча чечилип жатат.
Экономика министрлигинин, Финансы министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Улуттук статистикалык комитеттин жетекчилери өз ведомстволору боюнча өлкөнүн ЕАЭБге катышуусунун негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.
Атап айтканда, Кыргызстандын интеграциялык бирикмеге кошулуусунан тарта бажы постторун, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды жабдуу боюнча тийиштүү иш-чаралар өткөрүлгөн. «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркечтам» сыяктуу 4 өткөрүү пункту жана 7 ветеринардык-көзөмөл өткөрүү пункттары жабдылган. Кошумча түрдө мамбюджеттин эсебинен 8 өткөрүү пунктун куруу жана жабдуу иштери аткарылууда.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде фитосанитардык көзөмөл жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл алынган.
КР 30 аккредитацияланган лабораториялары жана 9 сертификация боюнча органы ЕАЭБдин Бирдиктүү тизимине киргизилип, документтерди берип, жалпы Союздун аймагында бирдей таанылат.
Ошондой эле 19 кыргыз мал-чарба продукция ишканасы ЕАЭБдин Бирдиктүү тизимине киргизилип, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагында продукция өндүрүп, чыгара алат. 2016-жылдын февраль айынан тарта Казакстан аймагы боюнча кыргыз жүк ташуучуларынан бажы коштосу алынды.
Ошондой эле эмгек мигранттарынын келүүсүнө жана иштөөсүнө жагымдуу шарттар, алсак, жумушка орношуу тартиби жеңилдетилди, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жашоо шарттары жакшырды.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда темир жол транспорттук тейлөөлөрүнүн тартибин жөнгө салуудагы тариф саясатынын негиздери жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Макулдашууда Казакстан бажы обьектилерин инфраструктурасын техникалык жактан жаңылоого, лабороторияларды модернизациялоого жана башка маанилүү иштерге 100 млн. АКШ доллар суммасында техникалык колдоо көрсөтүүсү каралган. Темир жол тарифтерин стандартташтыруу маселеси чечилген.
Ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы Кодекси жөнүндөгү келишимге кол коюлду. «Тигил же бул тармактын саясатын жөнгө салган мамлекеттик органдар демилгелүү болушу зарыл. Биз өлкө калкы биримдиктин пайдалуу жактарын сезүүсү үчүн интеграциянын пайдалуу жактарын максималдуу түрдө пайдалануубуз зарыл. ЕАЭБге интеграциялашууда калк менен иш алып барып, ишкерлер менен координациялоо иштерин активдүү жүргүзүү керек", —деп баса белгилеп, ЕАЭБ өлкөлөрү менен келечекте интеграциялашуу маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Соңунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ экономиканын өзүнчө тармагы эмес, өлкөнүн бардык министрликтери менен ведомстволоруна тийиштүү жалпы экономикалык саясаты болуп саналарын белгиледи.
[su_carousel source="media: 88560,88561,88562,88563,88564,88565,88566,88567,88568"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү