30
Январь
Өкмөттө КММ рыногундагы учурдагы абал жана унификацияланган темир жол тарифинин транзитке тийгизген таасири талкууланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жумушчу кеңешме өткөрдү, анда өлкөнүн күйүүчү-майлоочу рыногундагы учурдагы абалы жана унификацияланган темир жол тарифинин транзитке тийгизген таасири талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков Кыргызстандын нефтепродуктулар рыногундагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, унификацияланган темир жол тарифи ишке киргизилишине байланыштуу февраль айында мунай продуктуларынын жаңы партиясынын ташылып келүүсүндө КММ карата баалар 1 литрине 2 - 2,5 сомго төмөндөөрү күтүлүүдө.
«Жүргүзүлгөн эсептерге ылайык, Россиядан Кыргызстанга мунай продуктуларын ташууга чыгымдардын төмөндөшү мунай өндүрүүчү заводдордун чек арадан кандай аралыкта жайгашкандыгына көз-каранды түрдө тоннасына 45 тен 48 АКШ долл. чейин күтүлүүдө», - деп маалымдады Николай Чуйков.
Ошондой эле ал акыркы үч айда россиялык КММ рыногунда мунайзат өндүрүүчү заводдордо дүңүнөн кое берүүчү баалардын үзгүлтүксүз өсүүсү жергиликтүү рыноктогу баанын өсүшүнө алып келгендигин кошумчалады.
Натыйжада, КММ дүң партияларынын наркы 2016-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын январь айына дейре отун маркасына жараша 10 дон 18%га дейре жогорулаган. Мында атамекендик рыноктогу чекене баалар орточо алганда 11%га жогорулаган.
Россиялык рыноктогу мунай продуктуларына тартыштыктын орун алуусун, ошондой эле жаңы жылдык тыныгуу учурунда продукция жүктөө токтогондугун эске алуу менен Кыргызстандын нефтетрейдерлери 2017-жылдын башталышына карай эки айлык запасты өз учурунда камдап алган.
Буга байланыштуу январь айында мунай затты ташуу көлөмү жана анын дүң баасынын чекене баага карата таасири да минималдуу түрдө болот. Натыйжада божомолдорго жараша, Кыргызстанда январь айында КММ карата баалар өзгөрүүсүз, 2016-жылдын соңундагы калыптанга баалар боюнча калат.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата негизги милдет катары алдыдагы жазгы-талаа жумуштарына карата КММ карата туруктуу бааларды камсыздоо болуп саналат. 2017-жылкы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн КММ карата муктаждык 100 миң тонна дизелдик отунду жана 26 миң тоннага жакын автомобилдик бензинди түзөт.
Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекттик агенттигине 2017-жылдын 15-февралына дейре Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жазгы-күзгү талаачылык жумуштары учурунда баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында КММ карата бааларды жөнгө салуунун альтернативдүү механизми боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.
Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекттик комитетине Экономика министрлиги менен биргеликте 2017-жылдын 10-февралына дейре коомчулукка КММ рыногундагы абалды чагылдыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү планын даярдоо тапшырылды.
Экономика министрлигине мунай продуктуларын сатуучулар менен жазгы-талаа жумуштарына карата төмөнкү баа боюнча запас менен КММ сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
[su_carousel source="media: 89046,89047,89048,89049"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү