01
Апрель
Өкмөттө Кыргызстандын аймагында энергоресурстарды автоматтык система аркылуу текшерүү жана эсепке алуу боюнча өндүрүштү уюштуруу маселеси талкууланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын аймагында энергоресурстарды автоматтык система аркылуу текшерүү жана эсепке алуу боюнча өндүрүштү уюштуруу маселеси (ЭАСАТ) тууралуу жумушчу кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчысы энерегетикада «акылдуу эсептегичтер» коммерциялык эсептерди эске алган, жоготууларга жол бербеген, ар бир объектти көзөмөлгө алган, абоненттерге электр энергиясын үнөмдүү жана эффективдүү пайдаланууга шарт түзгөн эсептөөнүн так системасы болуп эсептелерин билдирди.
«Улуттук энергетикалык холдин компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев ЭАСАТ эсептегичтеринин эффективдүүлүгүнө кеңири токтолду. Ал мындай аракет коммерциялык жоготууларды азайта турганын жана дебютордук карыздарды чогултууда пайдалуулугун баса белгиледи.
«2016-жылга чейин ЭАСАТ эсептегичтерин алмаштыруу он-лайн өчүрүүлөрдү жүргүзүүгө, аралыктан эсептин так суммасын текшерүүгө жана аралыктан дебютордук карыздарды жоюуда натыйжалуулугун көрсөткөн. Ошондой эле колдонуучулардын электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануусуна да жардам берет. Аны менен катар авариялык абалдардын алдын алат», - деди Айбек Калиев.
Ал ошондой эле 2012-2016-жылдар аралыгында «акылдуу эсептегичтерди» орнотуу жоготууларды 22,9% дан 11,6% чейин азайткандыгын кошумчалады.
Кыргызстандын аймагында ЭАСАТ жабууларын кеңири таратуу жана орнотуу иштерин уюштуруу үчүн Улуттук энергохолдинг компаниясы Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду менен иш алып барууну пландоодо.
Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунун төрагасы кубанычбек Кулматов аталган долбоорду каржылоо схемасы менен тааныштырды.
Ал Улуттук энергохолдин ЭАСАТ эсептегичтерин сатып алууга кепилдик берерин билдирди. Өз кезегинде Фонд атайын эсептегичтерди сатып алуу үчүн тендер өткөрөт. Андан соң Фон менен бөлүштүрүү компаниясынын ортонсуда тиешелүү насыялык келишимдерге кол коюлуп, «акылдуу эсептегичтер» колдонуучуларга орнотулуп берилет.
«Улуттук энергетикалык холдин компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев биринчи этапта 200 миң ЭАСАТ эсептегичтерди сатып алуу пландалып жатканын жана аталган долбоорду ишке ашыру мөөнөтү 3 жыл экенин эскертти.
«200 миң «акылдуу эсептегичти» орноткондон кийин электр энергиясына болгон жоготуу жылына 200 млн. киловатт/саат азаят. Биринчи жылы жоготууларды 2% азайтуудан келип түшкөн каражаттын суммасы 220 млн. сомго болжолдонууда», - деди Айбек Калиев.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «акылдуу эсептегичтерди» системалуу колдонуу боюнча өлкөнүн Өкмөтү ЭАСАТ эсептегичтерин сатып алууну колдой турганын айтып, тиешелүу мамлекеттик органдарга аталган долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 92151,92152,92153,92154,92155" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү