31

Январь

2017

Өкмөттө Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 31-январда, Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

Өкмөт башчы эскерткендей, 2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылындагы иш-чаралар жогорку мамлекеттик жана эл аралык масштабда өз деңгээлинде белгиленди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык. 2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланды. Жарлыкка ылайык, Өкмөткө төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн.

- Кыргызстан элинин руханий жана адеп-ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкаштырган жаранды өстүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин координациялоо;

- ар бир баланын таланты менен шык-жөндөмүн ачуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу;

- жүрүм-турум жана укуктук маданияттын, өз ара урмат-сыйдын, көмөктөшүүнүн жана жарандык тилектештиктин өрнөктөрүн жайылтуу.

Жарлыкка ылайык, Өкмөт өзүнүн тиешелүү буйругу менен бул жылды даярдап өткөрүү үчүн уюштуруу комитетин түздү. Быйыл да өлкөбүздүн кадыр-баркы үчүн үстүбүздөгү аталган жылды татыктуу өткөрүшүбүз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Тактап айтканда, өзүнө заманбап билим берүү, жаштар, демографиялык, маданий жана диний саясатты калыптандырууну камтыган, өсүп келе жаткан муундун талантын ачуу жана аны өнүктүрүү боюнча натыйжалуу тутумду иштеп чыгуу зарыл.

Ошондой эле Өкмөт башчы тийиштүү жүрүм-турум, укуктук маданият, жарандык өз-ара сыйлоо жана тилектештикти жогорулатуучу идеяларды жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өзүнө 20 ашуун иш-чараны камтыган Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун сунуштады. Ал белгилегендей, аны ишке ашырууга дээрлик бардык министрликтер жана ведомстволор, ар-кыл тармак өкүлдөрү тартылат. Айрым иш-чаралар боюнча узак мөөнөттүү пландар иштелип чыгат – деди Түгөлбай Казаков.

План долбоорун талкуулоо учурунда бир катар сын-пикирлер айтылды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бардык сунуштарды эске алуу менен Иш-чаралар планын каржылоо булактарын тактап алып, аны толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга мыйзам базасын инвентаризациялоо жана айрым ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 89149,89148,89147,89146,89145,89144,89143,89142,89141,89140,89139,89138" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89138,89139,89140,89141,89142,89143,89144,89145,89146,89147,89148,89149"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү