04
Февраль
Өкмөттө 2017-жылдын республикалык бюджетине кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуу боюнча иш чаралар планы жактырылды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын республикалык бюджетинин январь айы үчүн аткарылышы жана 2017-жылдын республикалык бюджетине кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуу боюнча иш чаралар планын долбоорун талкуулаган жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, фискалдык органдар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2017-жылдын январь айы үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 100% аткарылган.
Өкмөт Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүнү башчысы Азиз Аалиев 2017-жылдын республикалык бюджетине кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан иш чаралар планынын долбоорун тааныштырды.
Жыйынтыгында 2017-жылдын республикалык бюджетине кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуу боюнча иш чаралар планын бекитүү боюнча чечим кабыл алынды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, республикалык бюджетине кошумча келип түшүүлөрдү камсыз кылуу боюнча иш чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууда мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик алат.
Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилерине 2017-жылдын республикалык бюджетине кошумча келип түшүүлөрдүн тобокелчиликтерди кыскартууну тапшырып, пландын сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.
Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине алкоголдук тармактан келип түшүүлөрдү көбөйтүү максатында ыкчам тартипте алкоголдук продукцияларды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган системаны ишке киргизүүнү нормативдик-укуктук актыларга шайкеш келтирүүнү ишке ашырууну тапшырды.
Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисине, Бишкек шаардык мэриясына жана Финансы министрлигине налог чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктарын берүү маселесин жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.
Ошондой элеМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна мамлекеттин үлүшүндөгү чыгашалуу ишканаларды аныктоо үчүн алар боюнча андан аркы тийиштүү чечимдерин инвентаризациялоону жүргүзүүнү ташырылды.
[su_carousel source="media: 89486,89483,89482,89481,89480,89478,89477" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89486,89483,89482,89481,89480,89478,89477" link="image"][su_carousel source="media: 89483,89482,89481,89480,89478,89477,89486" link="attachment"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү