08
Июнь
Өкмөттө нормативдик жана ченемдик укуктук базаны, бизнести оптималдаштырууну жөнгө салуу боюнча сунуштардын үчүнчү топтому жактырылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовдун төрагалыгы астында регулятивдик реформа боюнча Кеңештин кезектеги жыйын өттү.
Жыйында буга чейинки Кеңештин жыйынындагы Протоколдорду аткаруунун жыйынтыктары каралып, ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаларды оптимизациялоо боюнча үчүнчү топтом талкууланды.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов Регулятивдик реформа Өкмөттүк бардык стратегиялык документтерине киргизилгенин өзгөчө белгиледи.
«Бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоого бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Ишкердик чөйрөсүнө багытталган бардык укуктук-нормативдик актыларды инвентаризациялоо базар экономикасындагы мыйзам базаларын эффективдүү жөнгө салууга алып келет», — деди Олег Панкратов.
Вице-премьер-министр регулятивдик реформа башталгандан бери, эки жыл аралыгында алгылыктуу иштер аткарылганын билдирди.
«Кеңеш тарабынан өзгөртүүгө сунушталган 137 ЧУА, 99 Өкмөттүн чечими бар. Бул 73% биз тараптан жактырылган», — деди Олег Панкратов.
Аны менен бирге, вице-премьер-министр өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кеӊешинин калган сунуштары тез арада аткарылышы боюнча тез чара көрүү керектигин айтты.
«САР» регулятивдик реформа долбоору боюнча бөлүмдүн башчысы Нурмамбет Токтоматовдун маалыматында үчүнчү топтом 251 ченемдик-укуктук актынын сунаштарын камтыйт.
Буга кошумча 225 административдик процедуралар боюнча сунуштамалардын пакети берилүүдө», - деди Нурмамбет Токтоматов. Мындан тышкары ал жогоруда көрсөтүлгөн реформа Кыргызстандын «Doing Business» рейтингиндеги көрсөткүчүн көтөрүүгө оң таасирин тийгизет.
«Эл аралык соода-сатык» индикатору боюнча Кыргыз Республикасынын 13 багыттагы көрсөткүчүн көтөрүүсү күтүлүүдө. Жалпысынан өлкөлөр боюнча көрсөткүчтө рейтинг 75тен 71ке көтөрүлгөнүн баса белгиледи Нурмамбет Токтоматов.
Жыйындын жыйынтыгында ишкердик тармакты жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын базасын оптимизациялоо боюнча сунуштамалардын үчүнчү пакети айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен бекитүү чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 96616,96617,96618,96619,96620,96621,96622" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү