04
Июль
Өкмөттө темир жол транспорту жана өнөр жай тармагындагы 2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда күчүнө кирүүчү ЕАЭБ техникалык регламенттери тууралуу маалымат берилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө бүгүн, 4-июлда, «2017-жылдын 12-августунда күчүнө кирүүчү Бажы биримдиги/ ЕАЭБ техеникалык реглменттери тууралуу» темасында маалымат жыйыны болуп өттү.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гульмира Абдралиева маалымдагандай, темир жол транспорту тармагында эки техрегламент күчүнө кирет. Алар «Темир жол курамынын коопсуздугу» жана «Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндөгү» техрегламенттер. Ал белгилегендей, биринчи регламенттин объектиси иштелип чыкты. Ал темир жол курамынын жана бөлүктөрүнүн модернизациялоо жана даярдоо болуп саналат.
«Аталган продукцияларды баалоодо милдеттүү түрдө тастыктоо жүргүзүлөт. Ал эки формада ишке ашырылат. Сертификациялоо жана декларациялоо. «Кыргыз Темир Жолу» МИ базасында сыноочу борбор түзүлгөн, ага сыноо жана көзөмөлдөө лабороториялары кирет», - деди Гульмира Абдралиева. Ал мындан улам лабороторияны жабудуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Темир жол курамынын коопсуздугун сыноо дөңгөлөктөрүнүн бекемдигине карата жана мотор-вагондук курамына жүргүзүлөт. Мындан тышкары «Кыргыз Темир Жолу» МИ кызматкерлерине окутууларды жүргүзүү боюнча эксперттик топ түзүлгөн, - деп баса белгиледи Гульмира Абдралиева.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары белгилегендей, «Темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндөгү» техрегламенттин объектиси болуп темир жолу, темир жол электр өткөрүү, темир жол автоматика, телемеханика, темир жол электр байланышы, станциялык жабдуулар, байланыш жана каражаттар саналат.
«Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу «Стройсертификация» республикалык борбору тийиштүү баа берүүчү улуттук орган болуп саналат,. Ал ЕАЭБ реестрине киргизилген жана сыноо лабороториясына ээ», - деп сөзүн жыйынтыктады Гульмира Абдралиева.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комиитетинин статс-катчысы Айбек Асанов маалымдагандай, аталган органга тийиштүү 4 техрегламент бар. Алар «Жеңил өнөр жай продукцияларыны коопсуздугу жөнүндө», «Мебель продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө», «Лифтердин коопсуздугу жөнүндө», «Жарылуучу материалдардын жана андан жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө».
Анын берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 2 каттоодон өткөн лаборотория бар. Алардын бири жеңил өнөр жай тармагына, экинчиси мебель продукцияларына тиешелүү болуп саналат.
[su_carousel source="media: 98645,98644,98650,98641" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү