29

Декабрь

2016

Өкмөттө салык тармагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мамлекеттик ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү маселеси каралды

Биринчи вице-премьер-министр  Мухамметкалый Абулгазиев  бүгүн, 29-декабрда, салык тармагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мамлекеттик ыйгарым укуктарды Бишкек шаардык мэриясына берүү маселесин талкуулаган жумушчу жыйын өткөрдү

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ченемдерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер салыгы, мүлк салыгы, патенттик негиздеги салык жана рейддик салыктык контролду жүргүзүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши ыктымал.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укукту берүүнүн тартиби бекитилген. Азыркы учурда салык кызматынын органдары тарабынан 66 жергиликтүү өз алдынча органы менен келишим түзүлгөн, анын ичинде Жалал-Абад, Исфана, Талас, Кочкор-Ата шаарларынын мэриялары менен да түзүлгөн», - деди  Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал белгилегендей, мамлекеттик бюджетти толтуруунун кошумча резервдерин табуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иштеринин алкагында Бишкек шаарынын мэриясы салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга ниетин билдирди.

Бирок Финансы министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүп берүү маселеси чечилген эмес.

«Баалоочу маалыматтар боюнча, 2017-2018-жылдар аралыгында жергиликтүү өз алдынча органдарына өткөрүп берүүдөн кошумча салыктык келип түшүүлөр 500,0 млн сомдон 2,0млрд сомго чейинки каражатты түзөт», - деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Мамлекеттик салык кызматы жана Бишкек шаарынын мэриясына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюуну тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле Финансы министрлигине Салык кызматы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга зарыл болгон финансылык каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүп берүү маселесин чечүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 87745,87746,87747,87748,87749,87750,87751"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү