23
Май
Өкмөттө жазгы-талаа иштерин өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга жазгы-талаа иштерин өткөрүүнүн алкагында чараларды активдештирүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев маалымдагандай, 2017-жылы жазгы-талаа иштерин өз убагында өткөрүү максатында үстүбүздөгү жылда айдап себүү компаниясын жана талаачылык иштерине даярдыктар жана өткөрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча Республикалык штаб түзүлгөн.
«Ошол эле учурда облус жана райондордо жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана орун басарларынын катышуусунда, бардык мамлекеттик жана айыл чарба кызматтарын тартуу менен тийиштүү штабдар түзүлгөн.
Ошондой эле акыркы жылдары өсүмдүк өстүрүү тармагынын абалына жүргүзүлгөн анализдин негизинде республика аймактарын айыл чарба өсүмдүктөрүнө адистештирүүнү эске алуу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө эгин аянттарынын оптималдуу структурасы иштелип чыкты жана сунушталды», - деп баса белгиледи Нурбек Мурашев.
Ал белгилегендей, 2017-жылда жалпы республика боюнча эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүмдүүлүк 1203,6 миң гектарды түзүүсү күтүлүүдө бул 2016-жылдын деңгээлинен 11,2 миң гектарга көп жетишилген.
Министр кошумчалагандай, сугат суусу менен камсыз кылуу планы, арыктарды жана каналдарды тазалоо боюнча иштер өз убагында аткарылды.
Нурбек Мурашев баса белгилегендей, жаздын кеч келүүсү, тынымсыз жааган жаанга жана былтыркы жылга салыштырмалуу жазгы -талаа иштеринин 20-25 күнгө кармалганына карабастан жазгы айдап-себүү компаниясы оптималдуу агротехникалык мөөнөттө өттү. «Өкмөт тарабынан өз убагында кабыл алынган чаралардан улам республикадагы айылдык товар өндүрүүчүлөр өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жазгы-талаа иштерин сезилээрлик жогорку темпте өткөрүүгө жетишти», -деп баса белгиледи Нурбек Мурашев.
Ал кошумчалагандай, 2017-жылдын 15-майына карата жалпы республика боюнча 526,0 миң гектарга же 84,7 % жазгы айдап-себүү жүргүзүлдү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте дыйкан-фермерлер арасында сапаттуу үрөн жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзгөн эмес.
Буга байланыштуу ал атамекендик дыйкан-фермерлердин үрөн жана жер семирткичке болгон керектөөсүн аныктоо боюнча айыл чарба ассоциациялары менен биргеликте тыгыз иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.
Өкмөт башчы мамлекеттик органдар тарабынан айыл чарба продукцияларын экспортоо жана импорттоо боюнча координациянын жетишсиздигин жана тийиштүү анализдин жоктугун билдирди.
Премьер-министр ошондой эле «Айыл Банк» ААК дыйкан-фермерлерге жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча ишмердүүлүгүн сынга алды.
«Бүгүнкү күндө биз дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялардын көлөмүн көбөйтүү жөнүндө айтып жатканда, азыркы учурда берилген насыялардын суммасы өткөн жылга салыштырмалуу 425миллион сомго аз болууда.
Жеңилдетилген насыя алууга кезек күткөндөр абдан көп. Бул жалпысынан сиздердин ишиңиздердин начар экенидигин айтып турат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал «Айыл Банк» ААК жетекчисине бир айлык мөөнөттө кырдаалды оңдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууну тапшырды.
Өкмөт башчы өсүмдүктөрдү коргоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, жер семирткичтер жана фермерлерди сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга дыйкан-фермерелер арасында күчүнө кирүү алдында турган айыл чарба Техникалык регламенттери жана ЕАЭБ ветеринардык жана фитосанитардык жалпы нормалары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 95441,95436,95448" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү