21
Май
«Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020» Программасын ишке ашыруу алкагында балдар үйүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрү үчүн үй берүү маселеси иликтенет
«Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020» Программасын ишке ашыруу алкагында балдар үйүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрү үчүн үй берүү маселеси иликтенет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева үстүбүздөгү жылдын 20-майында өткөн Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик турак-жай маселелерин координациялоо боюнча ведомство аралык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.
«Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020» программасынын катышуучуларынын алгачкы тизмесине бардык аймактардан билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык тармакта эмгектенген 185 кызматкер кирген. Бүгүнкү күндө 22 адамга ипотекалык насыя берилсе, калган жактардыкы банктарда каралууда. Биз Программага катышуу үчүн жашаган жери боюнча арыз берген 773 жарандан турган экинчи тизмени карап чыгып, Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүүбүз керек. Тизме компаниянын расмий сайтында жайгаштырылышы тийиш», - деп белгиледи вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева.
Ал билдиргендей, жакынкы арада «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК республиканын бардык аймактарында социалдык турак-жай курулушун баштайт.
«Маселенин социалдык маанисин эске алуу менен курулуп жаткан үйлөрдөгү квартиралардын бөлүгүн балдар үйүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнө, балким, жеңилдетилген ижара шартында берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл», - деп белгиледи вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева.
Белгилесек, учурда «Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020» программасына катышуу үчүн керектелген документтердин санын кыскартуу үстүндө иш уланууда. Мындан тышкары, Программанын катышуучуларынын санын жогорулатууга жана жеңилдетилген ипотека аркылуу сатып алууга мүмкүн болгон турак-жай фондунун спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү башка жаңычылдыктарды киргизүү боюнча иш жүрүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү