05
Сентябрь
“Таза Коом” программасын ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз почтасы" МИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун чечимине ылайык, “Таза Коом” программасын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин курамынан чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт.
"Кыргыз почтасы" МИ КР Мамлекеттик каттоо кызматына кирүүсү калк үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн географиялык жеткиликтүүлүгүн реалдуу кеңейтүүгө боло турганын билдирет. Ар бир 453 айылдык аймактарда почта бөлүмдөрүнүн базасында калкты тейлөө борборлору уюштурулат. Биздин жарандар ЗАГС жана паспорттук бөлүмдөрүнөн эң маанилүү мамлекеттик кызматтарды алууга болот. Бүгүн алар калкты тейлөө борборлор бар жерлерге алыскы айылдардан облустук борборлоруна же ири шаарларына барууга мажбур болушат. Алар транспорттук кызматын, убактысын жана каражатын сарптоосу керек. Биз эки уюмдарын бириктирип, бул көйгөйдү чечебиз”,- деди Сапар Исаков.
"Бара-бара, бул кызмат пункттарында көрсөтүлгөн кызматтардын саны кеңейтилет. Бул калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла жеңилдетет. Ошондой эле анын тейлөө кызматтык сапатын да жогорулатат", — деп билдирди Сапар Исаков.
Ошондой эле, мындай калкты тейлөө ыкмасы ЗАГСтын, КТБнун жана паспорттук бөлүмдөрүнүн кезек күтүү көйгөйүн төмөндөтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү