24

Май

2016

Эртең Бишкек шаарында «Айыл-Агро-2016» көргөзмөсүнүн алкагында IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумдун ачылышы өтөт

Эртең, 25-майда  Бишкек шаарында «Айыл-Агро-2016» көргөзмөсүнүн алкагында IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумдун ачылышы өтөт.

Экспозиция 25-майдан 27-майга чейин эски аянтта өтүп, 100дөн ашуун айыл чарба техникалары көргөзмөгө коюлат. «Айыл-Агро –2016» көргөзмөсүнүн алкагында Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин жетекчилиги астында IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумду өткөрүү пландаштырылууда.

Көргөзмөнүн  ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри  Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдиназир Бекбоев,  «Росагромаш» айыл чарба техникаларын өндүрүүчү ассоциациянын башкы директору Евгений Корчевой жана башкалар катышат.

«Айыл-Агро-2016»   IV Эл аралык агро өнөр-жай көргөзмөсүнө Россия, Белоруссия, Польша, Германия, Кытай, Турция, Япония жана башка мамлекеттерден өкүлдөр катышат.

Мындан сырткары көргөзмөдө улуттук экспозиция иштеп, боз үйлөрдүн шаарчасында жети облустан өндүргөн азык-түлүктөр жана улуттук колоритти чагылдырган буюм-тайымдар коюлат.

Аймактардын элдик маданий жетишкендиктери көрсөтүлүп, туристтик долбоорлорду түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча түрдүү долбоорлор сунушталат.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүп, «Айыл Банк» ААК жана «Росагромаш» айыл-чарба техникаларын чыгаруучу ассоциациясынын стратегиялык өнөктөштүгү алкагында ишке ашууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү