15
Декабрь
ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны алкагында бир катар документтерге кол коюлду
Бүгүн, 15-декабрда, Чжэнчжоу шаарында (КЭР) өтүп жаткан ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны алкагында бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйын соңунда ШКУ Өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту, алардын катарында “ШКУнун 2016-жылга бюджети”, “ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келечектеги иштер жөнүндө”, “ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн компетенттүү органдары аралык коопсуз маалыматтык-телекоммуникациялык тутумду түзүүгө максаттуу акча каражатын бөлүү тууралуу” документтер орун алган.
Ошондой эле жыйын катышуучулары ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюникеге жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын аймактык экономикалык өз-ара аракеттешүү жөнүндө билдирүүсүнө кол коюшту.
Мындан тышкары, 2016-2021-жылдарга ШКУга мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын өз-ара аракеттешүү программасы жана ШКУ Катчылыгы жана БУУ Азия жана Тынч Океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссия катчылыгы ортосундагы өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жактырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү