16
Январь
Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна «Боинг-747» аба кырсыгы болгон жерден 31 сөөк келип түштү
Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна бүгүн, 16-январда, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Дача-Суу айылындагы «Боинг-747» учагы кыйраган жерден саат 13:00 гө карата 31 сөөк келип түштү.
Учурда жеринде каза болгондордун жакындарына психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерине 12 жабырлануучу жаткырылып, учурда алардын өздүгү такталды.
Улуттук госпиталда бир жабырлануучу - Бакытбек Олжобаев (34 жашта) кулак тегерегиндеги ачык жаракаты менен;
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда - Сагынбек Рахманов (29 жашта) 45% күйгөн денеси менен;
Орозбек Абдрашитов (34 жашта), баш-мээнин жабык жаракаты менен; Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын медициналык тез жардам бөлүмүндө жети жабырлануучу бейтап жатат. Алар:
Сайкал Жапарова (13 жаш) диагнозу баш-мээнин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалашы, маңдайында жарылган шишик жаракаты, таман сөөгүнүн жабык сыныгы; Нурлан кызы Сайкал (6 жаш) - диагнозу баш-мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалашы; Мирлан кызы Азиза, диагнозу баш-мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалашы; Баянур Куштарбеков (15 жаш), диагнозу кол-буттун жана белдин ылдый жагынын, далынын урунушу; Аяна Иманканова (9 жаш), диагнозу баш-мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалашы; Тынай Иманканов (2 жаш), диагнозу баш-мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалашы; Бактыгүл Кубатова (30 жаш), диагнозу төш бөлүгүнүн урунушу, ал Иманкановдордун апасы.
Борбордук гинекологиялык ооруканасына бир жабырлануучу - 26 жаштагы Адина Айтбекова 16 жумалык кош бойлуу, ал боюнан түшүү коркунучу менен ооруканага жаткырылды.
Сокулук аймактык ооруканасында дагы бир жабырлануучу – 7 жаштагы Жакшылык Шералиев денесиндеги жаракаты менен түштү.
Эскерте кетсек, бүгүн болжол менен таңкы саат 07:40 да жүк ташуучу «Боинг — 747» учагы аэропорттун конуучу аянтына жетпей жарылып, болжолдуу маалыматтар боюнча 31 адам мерт кеткен, каза болгондордун тизмеси такталууда.
Учурда бардык медициналык мекемелер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору сөөктөрдү кабыл алууга даярдалды. Аба кырсыктан каза болгондордун жакындарына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн эки бригадалык топ түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү