28

Апрель

2017

Ысык-Көл обласунун Тасма айылында санариптик ретранслятор орнотулуп, санариптик телерадиоберүү ишке киргизилди

Ысык-Көл обласунун Түп районуна карштуу Тасма айылында бүгүн, 28-апрелде, санариптик ретранслятор орнотулуп,  санариптик телерадиоберүү ишке киргизилди

Санариптик реторансляторду ишке киргизүү он айылды анын ичинен радио байланыш жетпеген Тасма, Токтоян, Чоң-Тогузбай, Сары-Төлөгөй, Санташ, Жылуу-Булак, Миң-Булак, Арал, Долон  жана Кош-Дөбө айылдарын камтыйт.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы Советбек Исмаилов, «Телевидения жана радиоберүү радиорелейдик магистралынын республикалык өндүрүш бирикмеси» ААК жетекчилиги катышты.

Түп районунун акими Советбек Исмаилов учурда Түп районундагы жалпы 14 миң кожолуктун 12 миңи же 89% санариптик берүүгө кошулганын билдирди.

«Телевидения жана радиоберүү радиорелейдик магистралынын республикалык өндүрүш бирикмеси» ААК техникалык директору Усан Жанузаков белгилегендей, планга ылайык биринчи 326 айылга санариптик телеберүүнү жеткирүү үчүн,  65 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулат, анын  9 Ысык-Көл облусуна орнотулса, экоо Түп жана Тоң райондоруна коюлду.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча калктын 95% санариптик берүүнү көрүп жатышат. Ал үчүн 54 санариптик жабдуу орнотулган. Санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду этабы менен орнотуу санариптик берүүгө кошулуп жаткан 326 айылдагы калктын 5% камсыз кылат. Азыркы тапта «радио жыштыгы жетпеген зонадагы» айылдардагы жергиликтүү эл санариптик телерадиоберүү менен камсыз болушту. 227 айылды толук  камсыздай турган 211 санариптик атвоматтык телевизиондук реттрансляторлор орнотулат.

Айылда жүздөн ашпаган эли бар, калган 99 айыл социалдык пакеттеги телеканалдарды көрүү үчүн EUTELSAT спутникалык индивидуалдук кабыл алуучу жабдуу (диаметри 90 см болгон спутникалык антенна) аркылуу кошулат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик комиссиянын чечими менен, өлкөдө 2017-жылдын 15-майында аналодук берүү өчүрүлүп, санариптик берүү ишке кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү