16

Ноябрь

2016

Чүй облусунун Сокулук районунда «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда, «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн пилоттук долбоорун өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитти.

Пилоттук долбоор Чүй облусунун Сокулук районунда ишке ашырылат.

Алсак, буйрукка ылайык, 2016-жылдын 1-декабрынан тарта 2017-жылдын 1-июнуна дейре Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын Белек, Арал Дальний, Национальное жана Маловодное айылдарында жайгашкан төрт байланыш бөлүмүндө пилоттук долбоор өткөрүлөт.

«Бирдиктүү терезе» принциби мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү жана уюштурууну бир орунда уюштуруу ыкмасын пайдаланат, анда арыз берүүдөн тарта тейлөө көрсөтүүнүн жыйынтыгын алууга дейре тейлөөлөр бир мекемеде аткарылат. Атап айтканда, «бирдиктүү терезе» аркылуу көрсөтүлүүчү 6 мамлекеттик тейлөө түрү:

-         Жумушсуздук боюнча жөлөкпул чегерүү жана төлөп берүү;

-         Ар айлык социалдык жөлөкпулду чегерүү жана төлөп берүү;

-         Балдарлуу, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпулду чегерүү жана төлөп берүү;

-         Туулгандыгы тууралуу катоого алуу;

-         Никени каттоо;

-         Никени жокко чыгарылышын каттоого алуу сыяктуу тейлөөлөр тандалып алынган.

Аталган тейлөөлөр 5 мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аймактык түзүмдөрү аралык өз-ара аркеттешүүнү камсыздаган электрондук тутум аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетчү нерсе, аталган долбоорду ишке киргизүү процессинде «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, аймактык мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн да окуу тренингдери өткөрүлүп, Чүй облусунун Сокулук районунун пилоттук муниципалитеттеринде мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү боюнча оперативдүү жетекчилик иштелип чыккан.

Аталган долбоорду апробациялоо жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү тутумун оптимизациялоо боюнча ведомство аралык комиссия тараптан аталган пилоттук долбоорду Кыргыз Республикасынын жалпы аймагына жайылтуунун максаттуулугу жөнүндө сунуш берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү