16
Январь
2017
«Боинг - 747» авиациялык кырсыгына байланыштуу «112» ыкчам жооп кайтаруу кызматы түзүлдү
Бүгүн, 16-январда, Чүй облусундагы Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын дачаларында орун алган авиациялык кырсыкка байланыштуу ыкчам маалымат алуу максатында «112» кызматы түзүлдү.
Эскертсек, бүгүн болжол менен таңкы саат 07:30да «Түрк авиалиниясына» таандык жүк ташуучу Боинг — 747 учагы аэропорттун конуучу аянтына жетпей жарылып кеткен. Натыйжада, адам курмандыктары жана жабыркагандар бар, учурда бул боюнча маалыматтар такталууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү