24

Апрель

2017

Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Эмгек Кодексинин 113 беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык, эс алуу жумуш эмес күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында жумуш күндөрдү которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш күн графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы эс алуу күнү, 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Ошону менен 2017-жылдын 8-майы эс алуу күн болгондуктан кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алышат. Ал эми 2017-жылдын 13-майы жумуш күн деп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү