16
Июль
2015
Аба-ырайынын климаттык өзгөрүүсүнө байланыштуу жана майрамдын алдында келген жумуш күнүнө байланыштуу 16.07.2015 жумуш күнү 2 саатка кыскартылат.
Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин маалыматына ылайык бүгүн абанын температурасы 44 градус болгондугуна байланыштуу, Эмгек миграция жана жаштар министрлиги эмгек убактысын 1 саатка кыскартуу сунушун киргизди. Аны менен катар эмгек кодексине ылайык майрамдын алдында келген жумуш күнү 1 саатка кыскартылат.
Буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү