18
Январь
Чүй облусундагы «Боинг-747» авиакырсыгы орун алган жерде “кара ящиктин” табылышы тууралуу кечээги маалыматта катачылык кетти, учактын алгачкы “кара ящиги” бүгүн табылды
Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында «Боинг-747» учагы авиа кырсыкка учураган жайдан, кечээ, 16-январда табылган “кара ящик” учак техникасынын фрагменти экендиги аныкталды
Бүгүн, издеп-куткаруу иштеринин жүрүшүндө учактын алгачкы “кара ящиги” табылган.
Аталган кара ящиктердин маалыматтарын Эл аралык авиациялык комитеттин адистери талдоого алышат, алар бүгүн Кыргызстанга келишкен.
Учурда кырсык болгон жерде экинчи “кара ящикти” издөө жана тазалоо боюнча иштер улантылууда.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү