15
Июнь
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «Бишкек – Чолпон-Ата» автожолунда эреже бузуулар аныкталган»
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү.
Белгилесек, жолдордогу авариялардын санын кыскартуу жана туристтик мезгил учурундагы айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуучу иш-чаралар жыйындысын ишке ашыруу алкагында «Бишкек – Чолпон-Ата» автожолунда орун алган ЖКК бардык посттору көзөмөлгө алынып, анын катарында ЖКК кызматкерлеринде POS-терминалдардын бар, жоктугу текшерилди.
Рейдге ылайык, төмөнкү кемчиликтер аныкталды:
1. «Бишкек – Георгиевка» атвожолунда жыртык-тешикти жамоо жумуштары аткарылган. Белгилей кетчү нерсе, жамоо иштери сапатсыз өткөрүлүп, автожолдун айрым жерлериндеги асфальт ар-кыл деңгээлде төшөлгөн, ага жараша автожолдун жалпы сапаты начарлаган. Мындан тышкары. Автожолдо майда тешиктер бүтөлбөй калган.
2. «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунун Боом капчыгайында жетишсиз көлөмдөгү жол белгилери орнотулган.
3. «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолундагы Кубакы кайрылышынан Балыкчы шаарынын шакекчесине дейре “бетме-бет кыймыл” жол белгиси орнотулган, бирок автоунаалардын кыймылы бөлүнгөн автожолдун (парапет) эки тарабы менен жүргөндүктөн, аталган белги ашыкча болуп саналат.
4. Балыкчы шаарынын автожолдору канааттандыраарлык эмес абалда, жарыктандыруусу жок.
5. Балыкчы шаарынан Чолпон-Ата шаарына дейре жол белгиси көрүнбөйт, айрым жерлерде таптакыр белгиленген эмес.
6. Айрым жерлерде орнотулган жол белгилери, анын ичинде “Абайлагыла, балдар” белгиси кабыл алынган стандарттарга шайкеш келбейт, же түнкүсүн көрүнбөйт.
Вице-премьер-министр белгилегендей, аталган кемчиликтердин баары кыска мөөнөттө жөнгө келтирилиши кажет.
“Мындай рейддер такай жүргүзүлөт, ар-бир жыйында тийиштүү орган начальниктери иш аткарылгандыгы тууралуу отчет берсе дагы, иш жүзүндө алар тескерисинче чыгууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана ЖКК эреже бузууларды көзөмөлгө алуу менен аларды жоюу үстүндө иш алып баргыла», — деди Абдырахман Маматалиев.
Андан соң Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия мүчөлөрү 2015-жылкы туристтик мезгил учурундагы жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер планын талкуулоого киришти.
Планга ылайык, бир катар иш-чараларды ишке ашыруу пландаштырылууда, басма жана интернет басылмаларда стационардык жана көчмө посттордун орун алышын жана республиканын негизги жолдорундагы ЖКК көзөмөлдөө маршруттарын жарыялоо каралган. Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн «Бишкек — Нарын – Торугарт» жолундагы (айланма жолдо) ылдамдык режимин 0 дөн 168 км чейин (калктуу пункттардан тышкары) 110 км/с дейре жогорулатуу чечим долбоорун инициациялоо пландаштырылган.
Талкуу жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин эске алуу менен 2015-жылкы туристтик мезгил учурундагы жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер планын бекитүү чечими кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү