22

Июнь

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Россия элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрайымы Светлана Смирнова жаштар саясатын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Евразия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчылыгынын Жетекчиси – Башкы катчынын биринчи орун басары, Россия элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрайымы Светлана Смирнова менен жолугушту.

Делегация Кыргызстанда 21нен 24-июнга чейин өтүүчү Ысык-Көлдөгү «Дүйнө жаштары Тынчтык үчүн» Евразия жаштар форумуна катышууга келишкен.

Вице-премьер-министр меймандарга өлкө Өкмөтүнүн атынан салам жолдоп, Евразия элдеринин Ассамблеясынын, Россия элдеринин Ассамблеясынын жана Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын маданий-гуманитардык байланыштар багытында үч жактуу өз ара алакаларды бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча иштерине жогорку баа берди.

Алтынай Өмүрбекова Россия элдеринин Ассамблеясына 2018-жылдын 28-29-майында Оренбург шаарында белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференцияны уюштуруу жана өткөрүү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле 1935-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз ССРинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахманов жашаган үйгө жана 1908-1909-жылдары Кыргызстандын көрүнүктүү гуманист, агартуучусу Ишеналы Арабаев окуган медресеге эстелик такталарын орнотуу үчүн.

«Ысык-Көлдүн жээгинде форум өткөрүү биздин уюмдардын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты дагы бир ирет күбөлөндүрөт. Мындай аянтчалар дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн жаштарын белгилүү бир тематикалардын алкагында иштеген багыттар боюнча бириктирүү мүмкүндүгүн берет. Биз бул Форумда биздин өлкөлөрдүн жаштары бир пикирге келишип, мындан ары ийгиликтүү ишке ашырыла турган тажрыйба, долбоорлор менен алмашат деп ишенебиз», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Мындан тышкары вице-премьер-министр 2018-жылдын 2-октябрынан тарта кыргыз жазуучусу, форумдун президенти болуп шайланган Чыңгыз Айтматовдун демилгеси боюнча түзүлгөн Ысык-Көл интеллектуалдар форуму өз ишин жандандырарын билдирди. Өз кезегинде Россия элдеринин Ассамблеясынын Төрайымы Светлана Смирнова алдыдагы «Дүйнө жаштары Тынчтык үчүн» Евразия жаштар форумунун башкы милдеттеринин бири – жаштар менен иштөө Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу экенин маалымдады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырууну каалаган биздин көптөгөн идеяларыбыз жана сунуштарыбыз бар. Анын ичинде Евразия жаштар форумун туруктуу негизде өткөрүү, азия оюндары менен катар евразия спорттук оюндарын өткөрүү, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу жана өз тарабыбыздан кандай пайда келтире аларыбыз тууралуу билүү», - деп билдирди ал.

Алтынай Өмүрбекова евразиялык интеграцияга, адеп-ахлак салттарын сактоого жана кийинки муунга социалдык тажрыйбаны өткөрүү берүүгө багытталган жаштарды өнүктүрүү боюнча универсалдуу концепцияны мындан ары колдонууга болгондуктан, мындай иш-чаралар туруктуу болушу зарылдыгын колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында вице-премьер-министр Евразия элдеринин Ассамблеясынын жана Россия элдеринин Ассамблеясынын делегацияларын 2018-жылдын 2нен 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

[su_carousel source="media: 119022,119023,119024,119025,119026" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү