02

Июнь

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Токмок шаарындагы адистешкен балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна барды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 1-июнда, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Республикалык адистешкен балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборун кыдырды.

Вице-премьер-министр борбордун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

«Бардык ата-эне үчүн эң башкысы - балдарынын бактылуу болушу. Силердин жүзүңөрдө ар дайым жылмаюу жана баары жакшы болушу үчүн, алдыга койгон максаттарыңарга жетишиңер үчүн болушунча аракеттенебиз. Биз орун алган көйгөйлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте акырындык менен чечүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Анткени биздин башкы милдетибиз - өлкөдө балдарга бактылуу балалык түзүү болуп саналат», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Балдарды реабилитациялоо борборуна 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги реабилитациялоо борборуна зарыл болгон медициналык жабдуу белек кылышты.

Вице-премьер-министр ошондой эле Борбордун жалпы жамаатына алардын иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Алтынай Өмүрбекова учурда Жалал-Абад шаарында реабилитациялык кызматтардын бүтүндөй топтомун көрсөткөн инновациялык реабилитациялоо борбору курулуп жатканын, келечекте мындай борборлордун бардык облустарда болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Ошондой эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда социалдык башкармалыктын каттоосунда туруп жана жөлөк пул алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга үч майыптар креслосу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Республикалык адистешкен Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору 1950-жылы ачылган. 1975-жылдан бери Борбордук нерв системасы жабыркаган, аң-сезими бузулган, таяныч-кыймыл аппараттарынын ооруларына чалдыккан балдардын адистешкен борбору катары иштейт. 100 орунга эсептелген, иш жүзүндө 80 бала бар.

[su_carousel source="media: 117916,117915,117914,117913,117912" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү