15
Февраль
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2018-жылдагы ведомствонун ишмердиги жана үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынына катышты.
Коллегиянын башталышында тиешелүү маалымат менен ведомствонун статс-катчысы Каныбек Абдиев сөз сүйлөдү.
Андан соң Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, министрлик тарабынан өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча маанилүү иштер аткарылган.
«Былтыркы жылы «сүйүнчү» жөлөк пулдарды төлөө программасы ишке ашырылды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн ата-энелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жаңы тутуму бекитилди. Мындан тышкары «БУУ Баш Ассамблеясы тарабынан 2006-жылы 13-декабрда кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган БУУнун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жөнүндө Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Муну менен бирге вице-премьер-министр белгилегендей, отчеттук жыл ичинде натыйжалуу жана токтоосуз чечимдерди кабыл алууну талап кылган айрым кемчилдиктер орун алган.
«Мисалга алсак, «сүйүнчү» берүүдө мамлекеттик органдар арасында жетиштүү координация болгон эмес. Калк арасында тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Муну менен бирге жарандардын министрликке ишеним көрсөткүчү 6,7% түшкөн. «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Өкмөттүк программасын ишке ашыруунун алкагында оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдү жана балдарды каттоо боюнча электрондук маалыматтар базасын, ошондой эле асыроого муктаж балдардын, потенциалдуу асыроочулардын жана фостердик үй-бүлөлөрдүн маалыматтык базасын түзүүгө байланыштуу пункттар аткарылган эмес. Мындан тышкары эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн аккредиттөө кырдаалын тактоо зарыл», - деди ал.
Ошондой эле Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине токтолду.
«2018-жылы жашы жете электерге карата зордук-зомбулук көрсөтүү учурлары көп кездешти. Ошондуктан балдарга карата катуу мамиле кылуунун алдын алуу максаттарында алдын алуу чараларын өз убагында көрүү зарыл. Премьер-министр тарабынан тийиштүү тапшырмалар берилген, буга байланыштуу 2019-жылы министрлик социалдык адаптациялоо жана жетим жана ата-энесинин кароосуз калган балдарга көмөк көрсөтүү саясатын иштеп чыгууга тийиш», - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.
Андан соң вице-премьер-министр белгилегендей, республиканын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү заманбап санариптик технологиялар аркылуу алуулары зарыл. Анын ичинде ал белгилегендей, өлкө жарандарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла ыңгайлуу алуулары үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумуна өзгөчө көңүл буруу керек.
[su_carousel source="media: 129371,129372,129373" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү