02

Декабрь

2017

Вице-премьер-министр Ч.Султанбекова жана ДСУ өкүлдөрү дары-дармектерди көзөмөлдөө жаатында сунуштамаларды талкуулады

2017-жылдын 1-декабрында Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.

ДСУ делегациясын ДСУ Европалык бюросунун медициналык технологиялар жана фармацевтикалык продуктулар боюнча программасынын жетекчиси Ханна Бак Педерсен жана эл аралык  консультант, дары-дармектерди жүгүртүү жана жөнгө салуу боюнча эксперт доктор Лембит Раго жетектеген.

Чолпон Султанбекова эл аралык делегация менен саламдашууда КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти менен биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Вице-премьер министр белгилегендей, ДСУнун тажрыйбасы жана сунуштамасы Кыргызстан үчүн маанилүү, анткени актуалдуу маселелерди жана кеңири иш чөйрөсүн камтыйт.

«Буга байланыштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин сунушу боюнча биз ДСУ өкүлдөрүнүн сунуштамаларын талкуулоого даярдыгыбызды билдирдик. Бизге ошондой эле башка өлкөлөрдөгү бул багытты жөнгө салуучулардын иши кызыкчылык туудурат. Тактап айтканда бизди жөнгө салуучунун ишин каржылоо кайсы принцип боюнча – мамбюджеттин же башка булактардын эсебинен ишке ашырылышы кызыктырат”, — деди ал.

Өз кезегинде Ханна Бак Педерсен жолугушуу жана ДСУга ишеним артуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр аталган тамактагы ишти кайра карап чыгуусу кадимки процесс экендигин белгиледи.

 “Биздин милдет  – өлкө чакандыгын эске алуу менен жөнгө салуунун оптималдуу моделин табуу. Сапаттуу дары-дармекти жана медтехниканы алуу максатында баанын аныктоого көңүл буруу маанилүү. Контролдук функциялар мыйзам сакталышы үчүн зарыл”, — деди ал.

Доктор Лембит Раго белгилегендей, жөнгө салуучу органдар натыйжалуу иш алып баруусу керек, бирок мында ресурстар жана кадрлар чектелгендигин эске алуу зарыл.

«Биз бул маселеге тыкан мамиле жасашыбыз керек. Айрым чакан мамлекеттерде жөнгө салучу органдар натыйжалуу иш алып барып, процесске катышуучу кызыкдар тараптарга өз кызматын көрсөтөт. Алар өз учурунда жана натыйжалуу жүргүзүлөт. Аталган органдарды каржылоо боюнча талаш-тартыштар уланууда: тажрыйба көрсөткөндөй, натыйжалуу иш алып баргандар каржылоонун аралаш принцибин колдонушкандар. Башкача айтканда, каржылоонун көп бөлүгү дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодон түшсө, азыраагы мамбюджеттен түшөт”, — деди Л.Раго.

Жолугушуунун соңунда Чолпон Султанбекова негизгиси – дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы көзөмөл экендигин жана ДСУ тараптан көмөктүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү