11
Февраль
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбаекова: 2017-жылы Кыргызстанда билим уюштуруу бирдиктүү системасын түзүүнү аяктоо зарыл
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбаекова бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты.
Вице-премьер-министр бүгүндү күндүн реалдуулугун эске алуу менен, билим берүү жана илим системасын өнүктүрүү зарыл экендигин баса белгиледи. Ал биринчи кезекте бардык деңгээлде билимдин сапатын жогорулатууга жетишүүгө басым жасады.
«Буларды жүзөгө ашыруу үчүн, билим берүү жана илим министрлиги биринчи ирет билим берүү мекемелери лицензиялардын талаптарына жооп бере турган системалык көзөмөлдөө иши аткарылышы керек. Эгерде билим берүүчү мекеме мамлекеттик лицензия алса, анда ар бир жаран ошол мекеме керектелүүчү эреже жана нормаларга жооп бере тургандыгына ишеними болушу зарыл. Билим берүүнүн сапатынын кепилдигинин дагы бир аспектиси катары, окуучулардын жана студенттердин жетишкендиктери көз карандысыз көзөмөлдөө болуп саналат. Экзаменди өткөрүү убагында адамдык фактордун таасирин азайтуу үчүн , баалоону автоматизациялоо жана стандартизациялоону улантуу керек», - деди Чолпон Султанбекова.
Ал жаңы муундун талаптарына жооп берген мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда жана киргизүүдө, билим берүүнүн тепкичтерине көңүл буруп, ортодогу ажыратууну болтурбоо үчүн мазмундук жана окуу-методикаларынын комплекстерине өзгөчө маани берүү керектигине басым жасады.
Вице-премьер-министр, билим берүү жана илим министрлигинин жетишкендиктерин айтуу менен, андагы айрым маселелерге да токтолду.
«Жер-жерлердеги билимдин сапаты бүгүнкү күндө орчундуу маселе. Менин оюмда, билим берүүнүн төмөн сапаты – бул региондордо профессионалдуу кадрлар менен толук камсыз болбогондугу жана райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилеринин жана мектеп директорлорунун канааттандыралык эмес иш жүргүзгөндүгү. Бүгүнкү күндө 702 педагог жетишпейт. Ушундан улам, педагогикалык адситиктин бүтүрүүчүлөрүн региондорго жөнөтүү иштерин так жүргүзүү зарыл, мамлекет тарабынан акча бөлүнгөндөн кийин алардын жайгаштыруусун контролдоону күчөтүү керек», - деди Чолпон Султанбекова.
Аны менен катар ал билим берүү жаатында системалык коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш чаралардын негизинде ата-энелерден бала-бакчага жана мектепке кирүү үчүн өз ыктыяры менен кирүү төлөмүн алууну токтотуу каралган, бирок бул факт дагы деле жоюлбаганын баса белгиледи.
Вице-премьер-министр билдиргендей, Министрлик жана шаардык билим берүү башкармалыктар тарбынан көзөмөл жок. Кээ бир райондордо мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептин директорлору, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик билим берүү мекеме уюмдарын өзүнүн менчигине айландырып алган. Бала-бакчалар жана мектептер ата-энелердин катышуусу менен каражаттарын чыгымдоо жөнүндө бюджеттик угууларды өткөрүшпойт жана билим берүү уюмдарынын сайттарына жайгаштырылган эмес.
Бүгүнкү күндө билимдин сапатын жогорулатуу максатында, адистиктерди даярдоодо мамлекеттик приоритеттерди эске алып Кыргыз Республикасынын экономикалык багыттарын камсыздоо үчүн жогорку окуу жайларды оптималдаштырууну токтотпой, мындан ары да иш алып баруу зарыл.
«Сапаттуу билим берүү маанилүү негиз болгондуктан, билим берүү системасы – бул кызыктар тараптардын көңүлүн чогултуучу борбор. Ийгиликтүү жашоо үчүн кызыккан окуучу жана студенттер, профессионал катары өздөрүн иш жүзүнө ашыра ала турган коомчулуктагы жаш адамдар, демократиялык мамлекетте өздөрүнүн жүрүм-турумдарынын жашоо эрежелерин жана тартипти сактаган жарандар болушун пландашы керек», - деп, жыйынтыктады вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү