19

Май

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: «Ала-тоо жазы» фестивалы бардык катышуучуларга өз теңтуштарынын, санаалаштарынын жана досторунун талантын, билимин көрүп, жандуу пикир алышууга жакшы

«Болуп өткөн «Ала-тоо жазы» фестивалы бардык катышуучуларга өз теңтуштарынын, санаалаштарынын жана досторунун талантын, билимин көрүп, жандуу пикир алышууга жакшы мүмкүндүк түзүп берди. Фестиваль ‒ бул достуктун, жаңы жолугуулардын майрамы. Аны менен катар бул өзүнүн окуу жайы, айылы, шаары тууралуу айтып бергенге жакшы мүмкүнчүлүк», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 18-майда, «Ала-Тоо жазы – 2017» республикалык фестивалында. Ал катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан куттуктады.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тарабынан ыйман адеп жана маданият жылына карата бекитилген пландын негизинде өткөрүлдү. Фестивалга республиканын бардык аймактарындагы 22 жогорку окуу жайдын студенттери катышты.

«Биздин элдин бай тарыхын, искусствосу менен маданиятын  даңазалаган «Ала-Тоо жазы» фестивалы биримдикти жана достукту бекемдейт. Мындан ары салтка айланып дайыма өткөрүлүп туруу маданият форуму болуп калсын. Жаштарга жаңы дем берип, аларды жаңы ийгиликтерге шыктандырат. Бул фестиваль коом менен болгон жаңы таанышуулардын жалпы аянтчасы болуп каларына ишенем», - деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өлкөдөгү жаңыланууга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга жаштардын кошкон салымын баса белгиледи.

«Коомдогу туруктуулукту сактоону, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, коомдун руханий байлыгын чыӊдоону максат кылуу менен иштеп, окуп жатканыңыздар мактоого арзыйт. Сиздер сындуу жаш мамлекетибиздин сапары узун, келечеги кеӊ. Президентибиз А.Атамбаев Кыргызстанда акылдуу өлкөнү – Таза коомду куруу керектигин баса белгиледи. Алдыбызда бийик максаттар, асыл иштер күтүп турат. Алар сиздерди изденүүгө, алга умтулууга жана ак ниет эмгекке чакырат. Кыргызстан билимдүү жана акыл-эси тунук жаштары менен сыймыктанат», - деп билдирди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

«Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын байге фонду 1 млн. сомду түзөт.

Гала концерттин жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду.

Фестивалда Гран-при сыйлыгына  Бишкек шаарындагы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери, биринчи орунга А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту,   Н.Исанов атындагы Курулуш, транспорт жана архитектура университети, 2-орунга К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети, Талас мамлекеттик университети жана Ош мамлекеттик университети ээ болушту.

Фестиваль  студенттердин колунан жаралган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү