25
Октябрь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана БУУ ДАПтын өкүлү Андреа Баньоли өз ара кызматташтык маселеси тууралуу талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын кызматташуусундагы артыкчылыктуу багыттары социалдык коргонуу системасын жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, мектеп тамагын оптималдаштыруу, калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоого байланышкан маселелерди чечүү болуп эсептелинет. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасындагы БУУ ДАПтын өкүлү- өлкө директору Андреа Баньоли менен болгон жоолугушунун жүрүшүндө билдирди.
Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу, тамак аш жана калкты социалдык жактан коргоону жакшыртуу максатындагы БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын кошкон салымын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогору баалайт,- деп Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилейт.
БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы «2018-2022-жж. Өлкөнүн стратегиялык планы» Меморандумдун алкагында уюштурууда өз ара түшүнүшүү менен биргеликте иштеп чыгуу ниетин билдирет,- деп Андреа Баньоли жоолугушу учурунда белгилеп кетти.
«Мектеп тамагын оптималдаштыруу» долбоору биргелешкен аракеттердин аркасында ийгиликтүү уюштурулду, ишке ашырылгандан кийин, республиканын 350дөн ашуун мектеби ысык тамак берүүгө өттү, күн сайын 1-4-класстардын окуучуларына аш болумдуу ар кандай тамактар берилет.
«Социалдык коргоо улуттук системасын жана чарбалардын туруктуулугун жогорулатууну күчөтүү» долбоорунун алкагында 3 жылдын ичинде 140 айылдык аймактардан 80 миң үй-бүлөөгө колдоо көрсөтүлгөн, ошондой эле, айылдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн 1800 долбоор уюштурулган, тамак аш боюнча, киреше алып келүүчү иштер боюнча айыл жарандардын маалымдуулугу жогорулаган.
Жоолугушунун жыйынтыгында, «Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкө стратегиялык планы» иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен биргеликте меморандуму» тийиштүү болгон министирликтерге жана агенттиктерге долбоорду изилдеп жана иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Эскерте кетсек, Өкмөттүк түзүмдөр, донорлор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте 2017-жылдын 10-мартында макулдашылган 2018-2022-жылдарга карата БУУ ДАПтын Кыргыз Республикасындагы жаңы өлкөнүн стратегиялык планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан демилгеленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү