31

Август

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Кыргызстан өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты катары энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууну аныктады

Дүйнөлүк чакырыктарга жооп катары, Кыргыз Республикасы, өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты катары  энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууну аныктады.

Бул тууралуу, бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан "Аялдар келечекте энергия үчүн" аттуу  Эл аралык форумда белгилеп кетти.

"Эл аралык тажрыйбаны көрсөтүү менен, келечекте бардык өлкөлөр менен бирге ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүүнүн ачкычы болууга тийиш. Айлана-чөйрө- калктын өсүшүн камсыз кылуу үчүн жана анын жашоосун жогорулатуунун негизи болуп саналат”,- деп айттып кетти.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова,  аялдардын жана эркектердин теңдиги, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө карамагында экендигин баса белгилегеди.

"Аялдар дүйнөнүн калкынын жарымын түзөөрүн жана баа жеткис билимге жана тажрыйбага ээ экендигин эске алуу менен, эл аралык экологиялык укуктун системасы аларга иш жүзүндө бардык тармактарында толук жана тең катышууга өз укугун кайрадан ыйгарып берүүсү  өтө зарыл болуп саналат. Аялдар менен гендердик аспектилер маселелери, эл аралык экологиялык укугун иштеп чыгууда негизги ролдорун ойношу керек. Кыргыз Республикасында гендердик аспектилерин, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү көрсөткүчтөрү иштелип чыкты”,- деди Чолпон Султанбекова.

"Аялдар келечекте энергия үчүн" форумунда айлана-чөйрөнүн булганышынын маселелери,  жакырчылык коркунучтары, калк арасындагы теңсиздик,  дүйнөдөгү чыр-чатактардын санынын көбөйүшү, жашыл жана аз көмүртектүү энергетика элементтерин киргизүү маселелери талкууланды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү