31

Май

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте жарандардын конституциялык укуктарын анын ичинде эркин алдыга жылуусун камсыз кылууга бардык аракеттер

«Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте жарандардын конституциялык укуктарын анын ичинде эркин алдыга жылуусун камсыз кылууга бардык аракеттерди көрүүдө»,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 31-майда, Кыргыз Республикасынын 2015-2019-жылдары Адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу боюнча (GLO.ACT) глобалдык программасынын расмий ишке киргизүү аземинде.

Вице-премьер-министр белгилегендей, талкуу үчүн дагы бир аянтчанын түзүлүшү миграция жана адам сатуу маселелери боюнча өлкөлөр ортосунда тажырыйба алмашуу багытындагы кошумча инстурмент болуп саналат.

«Глобалдык Программа Кыргызстанга адам сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз сатууда ошондой эле адам сатуунун курмандыгы болуудан өлкө жарандарын коргоо жаатында ар тараптуу иш чараларды иштеп чыгууга жардам берет. Аны менен бирге программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзамсыз миграцияга жан адам сатуу көйгөйлөрүнө Миграция боюнча э л аралык уюму, БУУ ЮНИСЕФ балдар фонду жана коомдук уюмдар биргеликте каршы турууда өз ара кызматташуусунун бир бөлүгү », - деп баса белгиледи Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, азыркы учурда адам сатуунун курмандыгына туш болгондордун укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу маселеси курч бойдон калууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган багытта мыйзам базаны жакшыртуу боюнча иш чараларды кабыл алып, 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адам сатуу менен күрөшүү боюнча Программаны иштеп чыккан. Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Чезаре Де Монтис маалымдагандай, адам сатуунун бардык түрүнө каршы туруу жана мигранттарды мыйзамсыз ташуу менен күрөшүү Европа биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин приоритетүү багыты болуп саналат.

«Бүгүн ишке киргизилип жаткан программа 13 өлкө анын ичинде Кыргызстан үчүн аталган көйгөйдү чечүүдө жакшы жыйынтыктарга жетишүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтерине үмүттөнөм », - деди ал.

БУУ наркотика жана кылмыштулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Миттал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн GLO.ACT алкагында адам сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга байланыштуу кылмыш-жаза иликтөөлөрүн натыйжалуу жүргүзүүнү камсыз кылууга жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи. Маалымат: GLO.ACT – Европа биримдиги жана БУУ наркотика жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгы менен биргелешкен демилгеси (2015-2019) төрт жылдык жана 11млн евро бюджети бар. Программа GLO.ACT 13 өлкөдө адам сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу боюнча улуттук стратегиялык чараларды ишке ашыруу, коргоо, соттук иликтөөнү жана өнөктөштүк мамилелерди жүргүзүү багытында колдоо көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү