17

Февраль

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ведомство алдына коюлган максат-милдеттерди аткарууда тутумдук мамилени иштеп чыгуу зарыл

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт үчүн социалдык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо маселеси мамлекеттик деңгээлдеги комплекстүү чечимди, министрлик жамаатынын ыраттуу ишин талап кылган негизги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Өкмөт жакырчык деңгээлин төмөндөтүү, кыйын жашоо шартында калган үй-бүлөлөргө жана балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга жана кары-картаңдарга комплекстүү социалдык көмөк көрсөтүү чараларына тийиштүү көңүл бурат. Жергиликтүү деңгээлде социалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү жана өнүктүрүү мамлекеттин социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат», - деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

Жыл жыйынтыгын чыгарууда ал министрлик кары-картаңдарды социалдык коргоо жаатында жетишсиз иш аткаргандыгын, өзгөчө макамга ээ чектеш аймактарда жашаган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү маселеси иштелип чыкпагандыгын, социалдык кызматкерлердин жумушчу убактысы жана жүктөм нормасы ушул кезге дейре аныкталбагандыгын белгиледи. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо, социалдык көмөк көрсөтүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган жактарга эмгек акы төлөө мүмкүндүгү маселеси чечилбей турат, толук эмес үй-бүлөлөрдү жана кароосуз балдарды алдын-ала аныктоо, катаал жашоо шартында калган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү боюнча иштер жетишсиз жүргүзүлүүдө.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кабыл алынган мамлекеттик программа жана пландардын аткарылышын талдоо көрсөткөндөй, министрликтин алдына коюлган милдеттерди аткарууда тутумдук мамиленин жоктугун көрсөтүүдө.

«Ведомствонун ишинде тийиштүү тейлөөлөрдү көрсөтүү жана пландаштырууда маалыматтарды чогултуу, талдоо жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү начар. Негизинен социалдык чакырыктарга жооп кылуу менен чектелип, кемчиликтердин алдын алуу тутумун түзүү унутта калууда», - деди ал.

Буга катар вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуудагы алымсыз ишке басым жасады. Бул багытта министрлик кадрларынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана аларды тандоо боюнча ишти тутумдук иретте жүргүзүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү