10

Февраль

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Саламаттык сактоо министрлигине 2017-жылга электрондук саламаттык сактоо тутумун кеңири ишке киргизүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйыныныа катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, саламаттык сактоо тутумунун айрым көрсөткүчтөрү турукташууда жана кыскарууда, ал эми айрымдары өсүүдө.

Ал белгилегендей, 2015-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 23%га төмөндөдү. Бирок ага карабастан, республика боюнча энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн балага 29,7ни түзгөн. Жалпылап айтканда энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Мисалы 2015-жылдын көрсөткүчү боюнча - 38,5 же  63 аял каза болгон болсо, 2016-жылы 47 аял көз жумган, Мындан тышкары энелердин өлүмүнүн өсүшү Баткен областы боюнча 7%, ал эми Ысык-Көл областында көрсөткүч 2 жарым эсе жогорулаган.

Ошондой эле ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн төмөндөшү да белгиленген - тирүү төрөлгөн 1000 ымыркайга 16,6ны түзгөн. Баардык региондор боюнча бул көрсөткүчтүн төмөндөшү менен, Талас областында ымыркайлардын өлүмүнүн өсүшү 2015-жылга салыштырмалуу 10,5%га, ал эми Нарын областында 12,8% түзгөн.

Чолпон Султанбекова билдиргендей, өлкөдөгү вирустук  гепатит  ооруларынын өткөн  жылга салыштырмалуу 27,4 пайызга  өсүшү  тынчсызданууну жаратат. 2016-жылы 100000 адамга 240,6 оорулуу туура келет (2015-жылы 100000 адамга 188,9 оорулуу туура келген).

Саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылууда ал өлкөдө  медициналык кадрлар менен камсыз кылуудагы дисбаланс  сакталып жаткандыгын белгиледи. Андан тышкары республика боюнча орточо камсыз болуу көрсөткүчү 21,9  түзсө, республиканын айрым областтарында  медициналык кадрлар менен камсыз кылуу  көрсөткүчү 100,0 миң жашоочуга  14 төн аз адисти түзөт. Ошондой эле медициналык билим берүү уюмдарынын студенттеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн, ординаторлорунун билим көрсөткүчтөрүнүн жана практикалык тажрыйбаларынын төмөн деңгээли байкалууда. Алардын көбү менчик медицинага, республиканын чегинен тышкары кетишет  же өз кесиби менен иштебейт.

«2016-жылы  дарылоо  уюмдарынын ишиндеги төмөнкү олуттуу мыйзам бузуулар табылган. Алсак, калкка көрсөтүлгөн медициналык  кызматтардын сапатынын экспертизасы  амбулатордук медициналык уюмдарда республика боюнча  27,4% учурунда  кемчиликтерди аныкталды. Анын ичинде  эң  начар көрсөткүчтөр Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл жана Чүй областтарынын  мекемелеринде катталган.

Республикада стационардык деңгээлде көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын  сапатынын экспертизасы  боюнча текшерүүдөгү кемчиликтер 5,3%, дарылоодогу кемчиликтер 12,3%, ал эми негизсиз ооруканага жаткыруу - 5,8% түздү. Эң жаман көрсөткүчтөр Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош областтары,  жана Бишкек шаарында белгиленет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондуна 2016-жылы Кыргызстандын 3520 жарандын  кайрылуулары катталган. Жүргүзүлгөн  талдоо көргөзгөндөй, кайрылуулардын  35%ы туура  эмес сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүү боюнча, 24% - медициналык кызматкерлер тарабынан этиканын  бузулгандыгы боюнча, 21% - финансылык каражаттарды негизсиз алуу боюнча болгон», - деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Саламаттык сактоо тармагында башка көптөгөн көйгөйлөр чечилбеген бойдон калууда жана алар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан дыкаттык менен көңүл бурууну талап кылат.

«Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарыл жана мүмкүн, бул үчүн кошумча каржылоонун деле  кереги жок. Болгону ички резервдерди издеп табуу, ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду активдүү тартуу кажеттүү. Биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин оорулууларга жана өз ишине болгон мамилесин өзгөртүү керек. Инфраструктураны жакшыртуу жана медициналык жабдууларды модернизациялоо маселелерин, артыкчылыктарды аныктап  алып, ырааты менен чечүү керек», - деди ал.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2017-жылга карата төмөнкүдөй маанилүү милдеттерди чечүүсү жана аткарууга күч-аракетти багыттоосу зарыл:

-         мурда иштелип чыккан мамлекеттик жеке менчик

өнөктөштүк (ГЧП) долбоорлорун ишке ашырууну баштоо;

- Калктын саламаттыгынын негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;

- Электрондук саламаттыкты сактоо  системасын кеңири киргизүү;

- Саламаттык сактоо уюмдарында  этап-этабы менен Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну киргизүү;

- Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн  сапатын жогорулатуу.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кошумчалагандай, 2016-жылы “Ден соолук”, “Кургак учук – 4 “, ВИЧ/СПИДге каршы аракеттенүү программасы сыяктуу маанилүү программалар өз ишин жыйынтыктады. Буга байланышуу шашылыш тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү багыттар боюнча жаңы Программаларды киргизүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү