19

Январь

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Боинг-747» авиа кырсыгынын натыйжасында ата-энесиз калган эки баланын абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылындагы «Боинг-747» авиа кырсыгынын натыйжасында ата-энесиз калган, учурда «Манас» айылында жакын туугандарыныкында жашап жаткан эки баланын абалы менен таанышты.

Вице-премьер-министр ата-энесиз калган эки баланын психологиялык абалы менен таанышты.

Ал каза болгондордун туугандарына кайрылып, орун алган кырсык жалпы кыргыз эли үчүн оор кайгы экендигин айтты.

«Мен, эне катары кырсыкты терең кайгыруу менен кабыл алдым жана сиздерге көңүл айтам. Биз сиздердин орду толгус кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Мындай учурда бардыгыбыз биригип, жашоону улантуу үчүн күч-аракет кылуубуз керек», - деди вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт четте турбастан, ата-энесиз калган балдарга ар тараптан колдоо көрсөтөт.

Чолпон Султанбекова кошумчалагандай, кырсыктан жабыркаган Санжар жана Жакшылыкка тийиштүү медициналык, психологиялык жана реабилитациялык көмөк көрсөтүү боюнча маселени жеке көзөмөлүнө алды. Социалдык жөлөкпул жана тийиштүү төлөмдөөрдү дайындоо, билим алуу жана башка маселелер анын көзөмөлүндө болот.

Вице-премьер-министр белгилегендей, ал балдардын тагдырына көзөмөл салып турмакчы, кандайдыр-бир маселе жаралган кезде туугандары ага байланышка чыга алат.

Жолугушуудан соң Чолпон Султанбекова туугандарынын макулдугу боюнча Санжар жана Жакшылыкты реабилитациялык курстан өткөрүү үчүн «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун психологдоруна алып келди.

Эскертсек, вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине ата-энесиз калган балдарга жакын туугандарынын камкорчулугун бекитүүнү тез арада чечүүнү жана тийиштүү көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 88601,88602,88603,88604,88605"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү