21

Октябрь

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова наристелүү болгон этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 21-октябрда, наристелүү болгон этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды.

Эскерте кетсек, буга чейин, 11-октябрда Кыргыз Республикасына Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз келсе, алардын катарында кош бойлуу аял болгон.

Вице-премьер-министр Чоплон Султанбекова наристелүү болгон Жанбүбү Маматзайым кызын куттуктап,  эне баланын абалын көрүп, аларга бекем ден-соолук каалады.

Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин маалыматында, Жанбүбү Маматзайым кызы эркек балалуу болду. Апгар шкаласы боюнча баланын абалы 8 ден 6 баллга бааланууда. Учурда наристе жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин толук көзөмөлүндө.

«Алты сааттан кийин эненин буга чейинки дарыгерлердин көзөмөлүндө болбогонун эске алуу менен  ымыркай толук текшерүүдөн өтөт. Азыркы тапта баланын абалы туруктуу», — деди Камчыбек Узакбаев.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун жетекчилигине медициналык дары-дармектер менен камсыз кылуу маселелерин толук көзөмөлгө алуусун жана эне менен баланын абалын дайыма текшерүүдөн өткөрүп турууну тапшырды.

 [su_carousel source="media: 105677,105678,105679,105680,105681" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыны маалыматтык камсыздоо бөлүмү