17
Январь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Боинг -747» учагынын кыйроосунан жабыркагандардын абалынан кабар алды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-январда, Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына барып, «Боинг -747» учагынын кыйроосунан жабыркаган бейтаптардын абалынан кабар алды.
Дарыгерлердин айтымында, азыркы тапта жабырлануучулардын бардыгына убагында медициналык жардам көрсөтүлүүдө, алардын ден-соолугу канаттандырарлык.
Андан соң, вице-премьер-министр Республикалык сот-медициналык экспертизалык борборуна барып, кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары менен жолукту.
Вице-премьер-министр окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык тараптан жарандарга убагында колдоо көрсөтүп, бул боюнча атайын комиссия иштеп жатканын билдирди.
«Cөөктөрдү жакындарына жеткирүүдө, адардын өздүгүн тактоо боюнча ДНК анализдерин аныктоого жана жаракат алгандарды убагында керектүү дары-дармектер менен камсыз кылып турууну Өкмөт толук мойнуна алат»,-деди Чолпон Султанбекова.
Учурда өздүгү такталган сөөктөрдү жашаган жери боюнча үй-бүлөсүнө жеткирүү милдети Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү.
[su_carousel source="media: 88369,88370,88371,88372"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүм