21

Март

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Нооруз – бардык кыргызстандыктарды бириктирген элибиздин эң куттуу жана жаркын майрамдарынын бири

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 21-мартта, Баткен шаарында күн менен түн теңелген жаз майрамы – «Нооруз» майрамына арналган чарага катышты 

Вице-премьер-министр Баткен шаарынын тургундарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады. «Нооруз –бардык кыргызстандыктарды бириктирген элибиздин эң куттуу жана жаркын майрамдарынын бири. Бул майрам күн менен түн теңелип, табияттын ойгонушун, жаратмандыкты жана жер жүзүндө жаңы өмүрдүн башталганын билдирет.

Нооруз майрамында жакшылыктарга үмүт артып, бири-бирибизге аруу тилектерибизди, таза каалоолорубузду арнайбыз. Нооруз майрамы менен кошо өлкөбүздөгү ар бир үйгө кут конуп, элибизде ынтымак-ырашкерлик жылоолоп, жергебизге береке кирсин деп тилейбиз», - деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Нооруз – элибиздин руханий жана маданий майрамы. Дал мына ушундай майрамдарды, салтты, улуттук белгилерибизди кадырман элибиз гана кылымдар бою сактап келген.

«Акыркы жылдары элибиз бир катар тарыхый сыноолорду баштан кечирди. Элибиздин биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү, мамлекетибиздин келечеги өтө кооптуу абалда турган кезде бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып, эл менен бийлик биригип, өлкөбүздү саясий жана экономикалык кысталыштан алып чыгып, аны чыныгы демократиялык жолго багыт алдырып, коомубуздун биримдүүлүгүн сактап калдык. Азыр экономикабыз акырындап өнүгүп, жолдор, мектептер, ооруканалар курулуп жатат. Аз болсо да мамлекетибиздин капчыгына жараша Мугалимдер менен врачтардын эмгеги жогору бааланууда, пенсиялар менен пособиелер көбөйтүлдү. Эми ал аз туугандар, ошентсе да биз кыргыз окмоту бар аракетибизди кылып жатабыз. Кыргыз Өкмөтү өлкөбүздүн алган багытын так аныктап, күчтүү мамлекетти куруу үчүн бардык аракетин жумшап жатат., - деп баса белгиледи Чолпон Султанбекова.

Ал Баткен облусунун тургундарына бакыт-таалай каалап, Нооруз майрамы өлкөдөгү ар бир үй бүлөгө тынчтык жана өсүп-өнүгүү алып келүүсүн каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү