31

Январь

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөдөгү бир катар көйгөйлөрдү атады

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөдөгү бир катар көйгөйлөрдү атады.

Чолпон Султанбекова белгилегендей, өткөн жылы республика боюнча 76 мектеп пайдаланууга тапшырылып, 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы 620 мектеп Интернет байланышына туташтырылды. Быйылкы жылдын 1-сентябрына 70% мектептер Интернетке, калган 30% - 1-ноябрга чейин туташтырылат. Бул тармакта чече турган бир катар көйгөйлөр бар.

 «Өлкөдө 3 жаштан 5 жашка чейинки 80% балдар, балдар мекемелеринин жетишсиздигинен улам балдар бакчасына барышпайт. Бул маселени биринчи кезекте чечүү керек. Азыркы учурда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен балдар бакчаларын мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө 1500гө жакын балдар бакчасы кайтарылды. Мындан улам бул тапшырма бир гана укук коргоо органдарынын гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да иши экендигин эске алуу керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун социалдык тармактагы менчиктештирилип кеткен имараттарды кайтарып алуу механизмин иштеп чыгуусу зарыл», — деп белгиледи  вице-премьер-министр.

Чолпон Султанбекова  белгилегендей, алыскы аймактардагы мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнүн босогосунан 110 баллдан өтө албай жаткандыктан ЖОЖго тапшыра албай жатышат. «Төмөнкү көрсөткүчтөр район, шаарларда атап айтканда Өзгөн, Кызыл-Суу, Араван, Сузак, Чоң-Алай, Тоң, Манас райондорунда байкалууда. Буга байланыштуу район акимдерин орун басарларына жана райондук билим берүү  бөлүмдөрүнүн жекекчилерине сөгүш жарыялоо сунушталат», — деди ал.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча мугалимдердин жетишсиздиги көйгөй бойдон калууда.

Ошондуктан «Жаш мугалимдин депозити» программасын кайра жандандырып, жаш мугалимдерге дем берүүнүн жаңы усулдарын  иштеп чыгуу керек.

Ошондой эле өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каражаттар бөлүнгөнү менен  жыйынтыгы жок экендиги белгиленди.

Мындан тышкары вице-премьер-министр  саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо жана балдарга байланыштуу маселелерди атады.

Жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, Чолпон Султанбекова наристелердин өлүмүнө байланыштуу көрсөткүчтөрдө оңдуу жылыштар бар экендигин билдирди. Республика боюнча жалпысынан энелердин жана наристелердин өлүмү боюнча көрсөткүчтөр кыскарган.

Өз сөзүндө ал 2016-жылы ички миграция боюнча коцепция ишке киргизилгендигин, бирок бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай жаткандыгын айтты. Алсак, 80% мигранттар Россияга, 15% — Казакстанга, калгандары Түштүк Корея, Туркия жана башка өлкөлөргө кетип жатышат.

Сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова туризм багытында Ысык-Көл облусуна гана көңүл бурулуп, ошол эле кезде  башка аймактарда туристтер үчүн кызыктуу жайлар жана обьетилер болсо да, жакшы колго алынбай жатканын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү