26
Апрель
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Корея Республикасынын эмгек жана жумуштуулук боюнча министри Ли Ки Квон менен эмгек мигранттарынын маселелери тууралуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 25-апрелде, Корея Республикасынын эмгек жана жумуштуулук боюнча министри Ли Ки Квон менен жолукту.
«Бул жылы биз, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Көп жылдан бери, ал эл аралык кызматташуунун бекем пайдубалы түптөлдү. Эки өлкө ортосунда саясий диалог өнүгүүдө. Биздин мамлекеттер ортосунда саясий пикир келишпестик деген жок, түрдүү эл аралык уюмдардын алкагында анын ичинде БУУ линиясы боюнча бирдиктүү колдоо болуп келе жатат», — деди Чолпон Султанбекова.
Вице-премьер-министр эмгек мигранттарына өзгөчө көңүл буруп, бул багытта эки өлкө ортосундагы кызматташуу жакшы деңгээлде экенин билдирди.
«Бул кызматташуунун таасирин жогорулатуу үчүн кыргыз жарандары менен Корея эмгек келишимдерин түзүү үчүн аракет кылып, бул кадамдар эки тарап үчүн өтө маанилүү деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын эмгек эмгек келишимдерин жогорулатуу үчүн 2016-жылдан бери Кореяда Кыргызстандын элчилиги кореялык жумуш берүүчүлөр менен иш алып барууда. Бул жагынан алып караганда, Кыргызстанда эмгек мигранттардын Кореядагы жумуш берүүчүлөрдүн шарттарын билүү, кыргыз жарандары үчүн жумуш көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү, министрликтин эмгек мигранттарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча пландарын сурагым келет», — деди Чолпон Султанбекова.
Корея Республикасынын эмгек жана жумуштуулук боюнча министри Ли Ки Квон Кыргыз Республикасынын 2014-жылга чейин адамдык ресурстарды өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Стратегиясын жогору баалады. Ал эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экенин билдирди.
Ли Ки Квон Корея тарап айыл чарбасы, медицина жана башка долбоорлордун алкагында иштешүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Мындан сырткары Кыргызстандын ЕАЭБ мүчөлүгүн эске алуу менен ЕАЭБ рыногундагы мамлекеттер менен эркин соода жүгүртүү келишимдерине кызыкты.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова эки өлкө ортосундагы алаканын бекемделишине үмүт артарын билдирип, министрдин Кыргызстанга келиши мындан ары Кыргызстан менен Кореянын достугунун өнүгүшүнө жол ачарын билдирди.
[su_carousel source="media: 93484,93485" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү