15
Март
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши Программасынын өкүлдөрү менен адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин тал
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 15-мартта, БУУ Башкармалыгынын Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши Программасынын, баңги зат жана кылмыштуулук боюнча эл аралык менеджери Вера Ткаченко жана БУУ Башкармалыгынын Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши Программасынын, баңги зат жана кылмыштуулук боюнча эл аралык координатору Кун Маркверинг менен жолукту.
Жыйында адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукка профилактикалык иштерди жүргүзүү тууралуу сөз болду.
Вице-премьер-министр 2016-жылы Крыгызстанда 2013-2016-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу жыйынтыкталганын билдирди. Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын техникалык колдоосунун негизинде, адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруудагы иш чаралардын аткарылгандыгын анализдөө жүргүзүлдү.
«Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде бир катар көйгөйлүү учурлар аныкталды. Атап айтканда, так мониторинг жана баалоо системасы программасынын жоктугу, статистикалык отчеттун форматтарынын динамикасы, кылмыштарды, адамдарды сатуу менен байланышкан жана башка, кылмыш менен байланышкан анализдердин жоктугу, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялоочу ыйгарым укуктуу органдардын жоктугу белгилүу болду. Аны менен бирге облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдө адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иштеген адистер үчүн штаттык орундардын жок экендиги да аныкталды», - деди Чолпон Султанбекова.
Аны менен бирге вице-премьер-министр учурда ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан Өкмөттүн 2017-2020-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Программасынын долбоору иштелип чыкты. Азыркы тапта долбоор эксперттик топтор арасында жана коомчулукта кызуу талкууланууда.
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук маселеси боюнча Чолпон Султанбекова, Кыргызстанда «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо» боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2016-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда каралып, азыркы тапта экинчи окууда талкууланар алдында турганын билдирди. Жаңы мыйзам долбоорунда аны аткарууга тиешелүү органдардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, субъекттер менен биргеликте иш алып барууга; үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын милдеттери чектелди; субъекттер аныкталды; жана алар үй-бүлөлүк зомбулуктар тууралуу маалыматтарды так берип турууга жана аны координациялоого милдеттендирилди. Ошондой эле жаңы мыйзам долбоору бирдиктүү коргоо ордерин жана анын берилиши боюнча ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын милдеттүү түрдө карайт.
БУУ Башкармалыгынын Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши Программасынын, баңги зат жана кылмыштуулук боюнча эл аралык менеджери Вера Ткаченко Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши– адамдарды сатуу, балдарга жана аялдарга карата зомбулуктар боюнча Программанын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Ал БУУ Башкармалыгынын Борбор Азиядагы сот акыйкаттыгы жазык иши Программасынын, баңги зат жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси Кыргыз Республикасына адамдарды сатууга крашы күрөшүү, мыйзамсыз миграция жана гендердик теңсиздик боюнча маселелерге техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү