04

Февраль

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги багыттарынын бири -жаштар менен иштөө болушу керек

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегия жыйынына катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугунун бекемдөө менен тыгыз байланышкан. Дене тарбиясы инсанды калыптандырууда коомдун заманбап өнүгүүсүнүн деңгээлин чагылдырат. Чолпон Султанбекова спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кеңейтүү, жарандардын спорт менен алектенүүдөгү укуктарын ишке ашыруунун кепилдигин көтөрүү, спорттук аянтчалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, массалык спорт үчүн имараттар зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле дене тарбия жана спорт тармагынын мыйзамдык базасын жакшыртуу зарылдыгын билдирди.

Агенттиктин директору Канат Аманкулов маалымдагандай, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасынын пункттары ийгиликтүү ишке ашырылды. Аталган программада көрсөтүлгөн иш чараларга ылайык, агенттиктин алдында 12 тапшырма коюлган болсо алардын баары ийгиликтүү ишке ашырылды.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик агенттик отчеттук мезгил аралыгында 262 спорттук-массалык, анын ичинде 105 эл аралык иш чараларды өткөргөн. Спортчулар спорттун түрдүү түрлөрү боюнча 245 эл аралык мелдештерге катышкан. Өткөрүлгөн окутуу-машыктыруучу сборлордун саны 386 түзгөн, анын ичинде 50 - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон.

Отчеттук мезгил аралыгында ата мекендик спортчулар эл аралык ири спорттук массаалык иш чараларга катышып, 538 медалга ээ болушкан. Анын ичинде 127 алтын, 168 күмүш жана 243 бронзо. Кыргыз Республикасынын 357 тандалган командалары спорттун түрү боюнча стипендияларга жетишкен. Стипендиялык фонддун жалпы суммасы 32,0 млн. сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Бийлик органдарында саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу чаралар жөнүндөгү», Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши мамлекеттик агенттикти коррупциядан ажыратуу боюнча иш баштады.

Ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу максатында 7 облустагы башкармалыктын кызматкерлери жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча окутуудан өткөрүлдү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мэрия өкүлдөрү менен жаштар борборлорун жана үйлөрүн өнүктүрүү боюнча жолугушуулар уюштурулду.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова баса белгилегендей, мамлекеттик агенттиктин негизги ички саясаты жаштар менен иштөө болушу керек. Жаштар саясаты тармагындагы коюлган тапшырмаларды ишке ашырууга багытталган иш чаралардын стратегиясы болушу зарыл.

Коллегиянын алкагында Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун атынан Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз Республикасына кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Чүй облусунун Панфиловского райондук балдардын спорттук мектебинин директору Орозбек Тойгонбаев, кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн мамлекеттик агенттиктин укук жана кадр иштери боюнча жетектөөчү адиси Айжан Бейшекеевага жана мамлекеттик агенттиктин документтер менен камыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Назира Абдуллаевага Премьер-министрдин атынан алкыш жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү