01

Декабрь

2016

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуттук госпиталдын ремонт иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын ремонт иштери менен таанышты.

Учурда токтоп калган ремонт иштери кайра жанданып, андагы курулуш фирмасы өз ишин активдүү колго алды.

Сууктун күнүндө ремонт иши жакшы болбой тургандыгын эске алган Чолпон Султанбекова биринчи кезекте ооруканага жылуулук системасын киргизүүнү тапшырды.

«Ооруканада жыл аягына чейин ремонт иши аяктап, бейтаптар жаткырыла башташ керек. Бул боюнча окмот башчыбыз Соронбай Шариповичтин тапшырмасы бар экендигин жакшы билесиздер. Ошого ылайык кандай шартта болбосун 2017-жылдын башында оорукана бейтаптарды кабыл алуу зарыл»,- деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр андан ары  Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына барып өлкөдө күч алып жаткан сасык тумоонун алдын алуу жана ага каршы көрүлүп жаткан аракеттер менен таанышты.

Азыркы абал боюнча жугуштуу оорулар клиникасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев маалымат берип, сасык тумоонун күчөшүнөн ооруканага келип түшкөн оорулуулардын көптүгү боюнча кечээ рекорддук деңгээлге чыккандыгын айтып, бир күндө 400 адам кайрылганын билдирди.

«Биздин оорукана негизи 400 орундук, бирок бизде учурда жаткыркырылган бейтаптардын саны 500 гө чукулдады, жаткырганга орун жок»,-деди  деди Гүлигит Алиев.

Соңунда Чолпон Султанбекова башкы дарыгерге бул жагдайдан чыгуу үчүн, тез аранын ичинде керебеттерди санын  көбөйтүп, башка ооруканалардан болсо да кошумча дарыгерлерди  жардамга чакырып турууну тапшырды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү