16

Июнь

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жергиликтүү бийлик органдарынын балдарды коргоо тармагында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-июнда, «Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы» тууралуу семинарда, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын балдарды коргоо тармагында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

«Жер-жерлерде аткарылып жаткан иштер жетишсиз, эч кандай комплекстүү мамиле жок, бир гана жасалмалуулук бар, үй-бүлөлөрдү кыйын жагдайдан алып чыгуужана балдардын маселесин чечүү боюнча ар бирине жекече иштеген жыйынтыктар  көрүнбөй жатат. Көйгөйдү чечүүнүн ордуна алар дайыма биринчи орунда турбаган иш чараларды уюштуруу менен алектенишет. Интернат мекемелеринде жок адамдардын тизмеси менен балдардын санын көбөйтүп алган фактылар бар. Буга мамлекет тарабынан жана эл аралык уюмдардан берилген каражаттар сезилерлик жыйынтык бербей жатат. Аны менен бирге мамлекет 20 жылдан бери бюджетти бөлүштүрүүдө анын 50% социалдык тармактарга бөлөт», — деди ал.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан балдардын абалын жакшыртууга бир катар нормативдик укуктук актылар  бекитилгенин билдирди.

«Чындыгында балдарды коргоо системасы аксап жатат, турмуштун оор шартында жашаган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын саны өсүүдө, балдарды кабыл алуучу үй-бүлө институттары жай өнүгүп жатат. Көптөгөн балдар зордук-зомбулукка дуушар болуп, социалдык, билим берүү жана медициналык тейлөөлөргө мүмкүндүк ала албай жатышат. Үй-бүлөлүк институттарды сактоо жана коргоо боюнча балдарга билим берүү абдан маанилүү. Коомдук кызматтарда аларга шарттарды түзүү, үй-бүлөнүн коомдук институтун сактоо жана колдоо, балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаты болуп саналат», — деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жергиликтүү бийлик органдары ишке ашыра турган бир катар тапшырмаларды атады.

Атап айтканда, үй-бүлө коомдук институтун күчөтүү, үй-бүлө жана балдарга тарбия чөйрөсүндө салттуу рухий-адеп-ахлактык баалуулуктарын кайра жандандыруу; ата-энелеринен бөлүнбөй турган баланын укугун камсыз кылып, үй-бүлөдө өстүрүү; жашы жете элек балдарды алып ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондой эле эмгекке жарамсыз ата-энелер менен балдары бар үй-бүлөлөргө басым жасап, мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү өнүктүрүү; жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдү жана балдарды жеткиликтүү коомдук, билим берүү, медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылууну иштеп чыгуу.

Семинарда балдардын укуктарын коргоо,  турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн үй-бүлөлөргө жана балдарга, билим берүү коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролу, көйгөйлөр жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана шаардык мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, баланын үй-бүлө билимге болгон укугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

[su_carousel source="media: 97209,97205,97206" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү