21
Январь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Талас облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча коллегиянын ишине катышты.
Күн тартибине Талас облусунун өнүктүрүүгө инвестиция тартуу жана Кыргыз Республикасында санариптик телеберүүгө өтүү маселелери коюлду.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, жергиликтүү бийлик билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу керек. Өз сөзүндө ал Талас облусу салыктык жыйымдар боюнча планды 107% аткаргандагын жана жакшы көрсөткүчкө ээ болгонун белгиледи.
«Ушундай көрсөткүчтөргө карабастан, мындан ары да биз жетишкендиктерге жана өнүгүүгө, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуубуз зарыл. Облус жана райондордун жетекчилери ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүсү керек», - деди Чолпон Султанбекова.
Ал облус жетекчилигин, жергиликтүү башкаруу органдарын жергиликтүү бийлик жана бизнес өкүлдөрү менен менен активдүү иш алып баруусун баса белгиледи. Мындан тышкары Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасында санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Программаны өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө басым жасады.
Коллегиянын жыйынтыгында вице-премьер-министр облус жетекчилигин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү аткарууга чакырды. Ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, бул багыттагы кыска жанан узак мөөнөттүү пландарды эффективдүү ишке ашыруу боюнча тапшырмалары менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү