17

Декабрь

2016

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-декабрда, Чоң жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында Чоң жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-жылга карата Иш-чаралар планы талкууланды.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаев маалымсдагандай, Кичи Памирде 208 үй-бүлө, ал эми Чоң Памирде болжол менен 273 үй-бүлө жашайт. Учурда этникалык кыргыздардын жалпы саны 2 миңге жакын адамды түзөт. Этникалык кыргыздар менен орун алган жолугушууларда алардын социалдык-экономикалык абалына, тактап айтканда, билим берүү жана саламаттык сактоо маселелерине тийиштүү көйгөйлөр козголгон.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан этникалык кыргыздардын кайрылуусу каралып, аларга тиешелүү жардам берүү үчүн керектүү чечимдер кабыл алынаарын баса белгиледи. Бул максатка өлкөнүн бюджетинен атайын керектүү каражат каралган.

Ошондой эле вице-премьер-министрге ушул жылдын октябрь айында Кичи жана Улуу Памирге гуманитардык жардамды жеткирген экспедициялык топтун иш сапары тууралуу маалымат берилди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен Улуу жана Кичи Памирге гуманитардык жардам жеткирилген. Гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча уюштуруу иштерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 10 млн сом каражат бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү