19
Октябрь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2030-жылга чейин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Сутанбекова 2030-жылга чейин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү.
Жыйынга Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атынан коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык эксперт тМария Русева жана Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев катышты.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Өкмөттүн атынан ар түрдүү стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо сектору үчүн техникалык жана каржылык жардам берүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна ыраазычылык билдирди.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоо жана алдыга жылдыруу боюнча 2020-жылга чейин стратегиялык программа катары "Ден соолук", "Манас", "Манас таалими" программалары иштеп жатат.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саламаттыкты сактоо системасында эки кадамды өзүнө камтыган «Жаны доорго кырк кадам» программасын ишке ашырууда. 26-кадам «Ден-соолукка инвестиция салуу. Сергек жашоо мүнөзү» жана 27-кадам «Саламаттыкты сактоо инфраструктурасын модернизациялоо».
«Жаңы программанын алкагында саламаттык сактоо секторунун алдындагы оорулардын алдын алуу жана ден соолугу үчүн жагымдуу шарт түзүү анын натыйжасы болуп калат. Үй-бүлө жана ден-соолугунун абалын көзөмөлдөө менен саламаттык сактоо башкаруу системасын түзүүгө болот», - деди ал.
Ошол эле учурда, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2030-жылга чейин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун максаты «Жаны доорго кырк кадам» программасынын милдеттери менен айкалыштырып, ооруга чалдыгуунун, артыкчылыктуу оорулар боюнча майыптуулук жана өлүмдү азайтууга карата иш алып баруу экенин билдирди. Мындан сырткары калкты негизги денгээлде кепилденген кызматтар менен камсыздоо жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча медициналык кызмат көрсөтүү, сергек жашоо киргизүү сапаттуу көрсөткүчтөрдү өркүндөтүү жана коргоо жана саламаттыкты сактоону илгерилетүү боюнча сектор аралык өз ара натыйжалуу иштерди жүргүзүү.
Коомдук саламаттык боюнча эл аралык эксперт Мария Русева Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жана аны андан аркы ишке ашырууга жардам берерин билдирди.
Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ортосундагы мындан аркы кызматташуу жемиштүү улана тургандыгына үмүт артаарын билдирип, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ар кандай программаларды жана стратегияларды ийгиликтүү ишке ашыруу маселелерине Өкмөт тарабынан колдоо көрөтүлөрүн кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү