19
Июнь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Ош шаарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселесин талкуулады
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 19-июнда, Ош шаарында «Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы» тууралуу семинар-жыйында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселесин талкуулады.
«Көп учурда үй-бүлө баалуулуктары, балдарды колдоо жана билим берүү боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин жана милдеттерин жайылтуу тууралуу иш чаралар жетиштүү эмес. Аны менен бирге мамлекет көзөмөлдөөчү жана жазалоочу гана милдетти аткарбастан, ошондой эле жардамчысы, иш жүзүндө үй-бүлөнүн жакыны жана өнөктөшү болуп калат - кадимки жашоо менен балдары бар үй-бүлөлөргө жөнөкөй же оор турмуш шартынан кайтаруу, алардын ден соолугу, адеп-ахлактык жана психологиялык абалын калыбына келтирүү, кризистик каржылык абалын жакшыртууда жакыны болуп калат», — деди ал.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өз ишинде жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй-бүлөнүн коомдук институтун бекемдөөгө багытталышы керек жана алардын ата-энелеринин, бир үй-бүлөдө бөлүнбөй өсүүнү өнүктүрүү боюнча үй-бүлө мамилелери менен ата-салттуу рухий-адеп-ахлактык баалуулуктарын кайра жаралышын, баланын укугун камсыз кылуу үчүн жеткиликтүү коомдук, билим берүү, жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөрдү жана балдарды медициналык жана башка кызматтарды алуусуна багытталышы керектигин билдирди.
«Муну менен бирге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле майып ата-энелерди, жашы жете элек балдарды тарбиялаган үй бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл», - деп билдирди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жергиликтүү бийлик оргадарын өкүлдөрүнө кайрылуусунда.
Семинар-кеңешмеде республикадагы балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөнү жана балдарды коргоодо мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу, турмуштук оор кырдаалда жашаган балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгү, үй-бүлө тарбиясындагы балдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү көйгөйлөрү каралды.
Семинар-кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, акимдердин орун басарлары, Ош шаарынын вице-мэри, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук жана шаардык башкармалыктарынын башчылары катышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү