10

Февраль

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ВИЧ/СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүүчү Глобалдык фонд өкүлү Улдис Миттенбергс менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова ВИЧ/СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүүчү Глобалдык фонд өкүлү Улдис Миттенбергс менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Кыргыз Өкмөтүнүн ВИЧ/СПИД жана кургак учукка каршы күрөшүү маселесин жактай тургандыгын билдирди. Ал белгилегендей, Глобалдык фонддун каржылоосунун акырындык менен кыскаруусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өлкөдөгү ВИЧ/СПИД жана кургак учук боюнча программаны ишке ашыруу үчүн жетишпеген каражаттар боюнча тийиштүү болжолдуу эсептерди даярдоо иши башталды.

Улдис Миттенбергс Кыргызстандагы Глобалдык фонд гранттарынын ишке ашырылышы боюнча маалымат берип, саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Улдис Миттенбергс Кыргызстан жана ВИЧ/СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүүчү Глобалдык фонд ортосунда Рамкалык келишим түзүү, ошондой эле ВИЧ/СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк координациялык комитетти реформалоо процессин жыйынтыктоо зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Жолугушууда ошондой эле ВИЧ/СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча өлкөлүк координациялык комитетти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу коомдук саламаттык сактоо боюнча Координациялык кеңеш менен интеграциялоо процессин ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоону акырындык менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө которуу маселеси көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү