08
Декабрь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова балдардын укугун жана кызыкчылыгын алга жылдыруу боюнча КЭУ Ассоциация өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер- министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 8-декабрда, балдардын укугун жана кызыкчылыгын алга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда татаал жашоо шарттагы үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү социалдык тейлөөнү өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маалымдагандай, социалдык тейлөөнү өнүктүрүү көйгөйү актуалдуу эсептелет, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-2027-жылдарга Үй-бүлөгө жана балдарга колдоо көрсөтүү боюнча комплекстүү программа иштелип чыгууда, анда балдардын укугун жана балдардын жашоо сапатын камсыздоону жакшыртууга шарт түзүүчү тийиштүү тейлөөнү өнүктүрүү үчүн иш-чаралар чагылдырылат.
Чолпон Султанбекова белгилегендей, иштелип жаткан программалар татаал жашоо-шартында калган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждыктарын эске алуу менен социалдык тейлөө сапатын жакшыртууга багытталышы жана натыйжалуу ишке ашырылышы тийиш.
Вице-премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги алдында катаал жашоо шартын баштан өткөрүп жаткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды эртелеп аныктоо жана алардын мамлекеттик жана социалдык тейлөөлөрдү алуусуна көмөк көрсөтүү боюнча ишти аткаруу милдети турат.
КЭУ Ассоциация өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кызматташуусу жана балдардын укугуна жана кызыкчылыгына тийиштүү маселелерди талкуулоо үчүн берилген аянтча үчүн ыраазычылык билдирди.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова КЭУ өкүлдөрү 2017-2027-жылдарга Үй-бүлөгө жана балдарга колдоо көрсөтүү боюнча комплекстүү программа долбоорун талкуулоого жана ага карата сунуштарды берүүгө активдүү катышаарына ишеним билдирди.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү